Мазмунга өтүү

Пунтленд

Википедия — ачык энциклопедия

Сомалинин Пунтленд мамлекети
untland State of Somalia
ар. ولاية أرض البنط الصومالية
сомал. Maamul Goboleedka Buntlaand ee Soomaaliya

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Эгемендүүлүк күнү 1-август 1998-жыл
Расмий тили Сомали тили, араб тили
Борбор шаары Гароуэ
Ири шаарлар Галькайо, Босасо, Гароуэ
Башкаруу формасы президенттик республика
Президент Саид Дени
Мам. дини Ислам
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.

212 510 км²
10,22
Калкы
• Бааланган (2016)
Жыштыгы

4 334 633 адам (129-136-орун)
20,4 ад./км²
Акча бирдиги Сомали шиллинги (SOS, коду 706)
Домени жок
Телефон коду +252 90
Убакыт аралыгы UTC +03:00

Пунтленд (сомал. Puntland, ар. أرض البنط) — Сомалинин чыгыш бөлүгүндө жайгашкан автономдуу район, курамына өлкөнүн түндүк-чыгышындагы тогуз провинцияны камтыйт[1]. 1998-жылдын 12-августунда «Пунтленд автономдуу району» катары өзүнүн эгемендигин, тактап айтканда, өзүн «автономдуу мамлекет» деп жарыялаган[2]. 2001-жылдагы Конституцияга ылайык расмий аталышы «Сомалинин Пунтленд мамлекети» деп белгиленген. 2003–2004-жылдары Кениянын Найроби шаарында кабыл алынган келишимдер жана Сомалинин Убактылуу Федералдык Хартиясы (Конституциясы) аркылуу расмий түрдө Федералдык Сомалинин курамындагы автономдуу район катары таанылган. Борбору — Гароуэ[3]. Калкы болжол менен 3,5 миллион адам (расмий эл каттоо өткөрүлө элек). Аталышы байыркы Мисир фараондору соода жүргүзгөн Пунт жеринин урматынан коюлган. 2024-жылдын 30-мартында Пунтленд өзүнүн автономиясын кайрадан жарыялап, Сомалинин Убактылуу Федералдык Өкмөтүн таануудан баш тарткан.

1991-жылы Сомалинин мамлекеттик түзүлүшү кыйраган соң, түзүлгөн мамлекет. Сомалилендден айырмаланып, Пунтленд толук көз карандысыздыкка умтулган эмес. Азыркы өкмөтү Пунтлендди Сомали федеративдик мамлекеттинин бир бөлүгү катары карайт.

1998-жылы автономия жарыяланган соң, мунай кен байлыктарына бай Санааг жана Сул аймактарын талашуу боюнча, дайыма Сомалиленд менен кагылышууларда болуп келет. 2007-жылы Санааг аймагында Маахир деген көз карандысыз мамлекет жарыяланган, аны Пунтленд 2009-жылдын январында өзүнө каратып алган. Андан кийин Айн, Санааг жана Сул провинцияларынын бир бөлүгүндө буфердик Хатумо мамлекети пайда болуп, ал Пунтленд тарабынан колдоого алынган, бирок анын аймагынын көбүнчө бөлүгүн Сомалиленд көзөмөлдөп турган.

1998-жылдын 23-июлунда Абдуллахи Юсуф Ахмед Пунтленддин биринчи президенти болуп шайланган жана ал бул кызматты 2001-жылдын 1-июлуна чейин аткарган[2].

2001-жылдын 1-июлунда Пунтлендде төңкөрүш болгон, бирок 2002-жылы Абдуллахи Юсуф Ахмед өз төңкөрүшүн уюштуруп, кызматын калыбына келтирген. 2004-жылдын октябрында ал Сомалинин президенти болуп шайланып, андан кийин Могадишону басып алган.

Пунтленд — сомалилик деңиз каракчыларынын негизги борбору катары эсептелет, бирок ошол эле учурда Сомалинин биримдигин колдойт.

2014-жылдын январь айында Пунтлендде президенттик шайлоо өтүп, 5-президент болуп 2011—2012-жылдары Сомалинин премьер-министри болуп иштеген Абдивели Мохаммед Али шайланган[2].

2024-жылдын 31-мартында Пунтленд өзүнүн автономиясын жарыялап, Сомалинин федералдык өкмөтүн таануудан баш тарткан. Администрация чыгарган билдирүүдө Пунтленд федералдык өкмөттөн көз карандысыз иш алып барып, эл аралык коомчулук менен өз алдынча кызматташарын, Могадишонун бийлиги Конституцияны кайра карап чыгып, Пунтленддин Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча пикирин эске алгандан кийин гана мамиле түзөрүн билдирген.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]