Мазмунга өтүү

Пустовойт Василий Степанович

Википедия — ачык энциклопедия

Пустовойт Василий Степанович [2(14.1.1886, азыркы Украина, Харьков областы, Зиевский району, Тарановка айылы – 11. 10. 1972, Краснодар шаары) – селекционер, СССР Илимдер академиясынын (1964), ВАСХНИЛдин (1958) академиги, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957, 1963). В. И. Ленин (1959), СССР мамлекеттик сыйлыктын (1946) лауреаты. Харьков дыйканчылык окуу жайын, Кубан айыл чарба институтун (1926) бүтүргөн. 1926–30-жылдары ошол институттун кафедра башчысы, 1935-жылдан Бүткүл союздук май өсүмдүктөр Илим-изилдөө институтунун (ВНИИМК) селекция жана үрөнчүлүк бөлүмүн башкарган. Пустовойт күн караманын майлуулугун көбөйтүүнүн селекциялык жаңы ыкмаларын иштеп чыккан. 1927–30-жылдары күн караманын Круглик А-41 (майлуулугу 35%), Круглик 1826 жана Круглик 1973 (майлуулугу 38–39%), 1939-жылы ВНИИМК 3519 (майлуулугу 44%тей) сортторун чыгарган. 1972-жылы Пустовойт чыгарган жүгөрүнүн 8 мыкты сорту (майлуулугу 48–52%) райондоштурулган. Жүгөрүнүн майлуулугу менен продукттуулугун жогорулатуу, алардын илдетке туруктуулугун арттыруу жана үрөнчүлүктү жакшыртуу системасы боюнча иштерди жүргүзгөн. Пустовойттун жетекчилиги менен жүгөрүнүн ВНИИМК 1646, ВНИИМК 6540, Зеленка 368, Чернянка 68 ж. б. сорттору чыгарылган. Үч Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]