Мазмунга өтүү

Пуэбла шаары

Википедия — ачык энциклопедия

Пуэбла шаары, Пуэбла-де-Сарагоса – Мексикадагы шаар. Пуэбла штатынын административдик борбору. Төрт жанар тоонун [Пик, Орисаба, Попокатепетль (аракеттеги) жана Истаксиуатль] ортосунда жайгашкан дүйнөдөгү жалгыз шаар. Калкы 1,5% млн (2010; агломерациясы менен 2,3 млн). Темир жол түйүнү. Текстиль өнөр жайынын ири борбору. Булгаары, цемент, тамак-аш–татымал ишканалары иштейт. Шаар 1530-жылы негизделген. Собор (1649), капелле, чиркөө, храмдар, саат мунарасы, 16–18-кылымга таандык монастрлар, чиркөөлөр, турак-жайлар сакталган. Эки университет, китепкана, анын ичинде Санта-Моника край таануу, Ампара (Мексикадагы байыркы) искусствосу, ошондой эле сүрөт галереясы бар. Шаар 1987-жылы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. 1999-жылы жер титирөөдөн катуу жабыркаган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]