Пьезоэлектр
Пьезоэлектр (грекче piezo – басым, кысым жана ...электр) – механикалык чыңалуунун басымы астында диэлектриктерде уюлдашуунун (түз пьезоэлектрдик эффект) жана электр талаасынын таасири алдында механикалык деформациянын (тескери пьезоэлектрдик эффект) пайда болуу кубулушу. Пьезоэлектр кубулушу пъезоэлектрдик материалдарда байкалат. Биринчи изилдөөлөрдү кварц кристаллында франциялык физиктер Ж. жана П. Кюрилер жүргүзгөн (1880). Кийин пьезоэлектр касиетине ээ болгон 1500дөн ашык зат табылган. Пьезоэлектрдин сандык мүнөздөмөсү болуп электр (электр талаасынын чыңалышы Е, уюлдашуу Р) жана механикалык (салыштырмалуу деформация и, механикалык чыңалуу σ) чоңдуктардын ортосундагы пропорциялаштык коэффициенти эсептелет: P=dσ. Мында, d – пропорциялаштык коэффициенти. Кварц үчүн абсолюттук электр-статикалык системасында 3–10-8га барабар. Пьезоэлектр кубулушуна негизделген пьезоэлектриктер техникада, акустика, радиофизикада, генераторлордун курамына кирген резонаторлордо, түрдүү өзгөртүп түзүүчүлөр жана датчиктерде кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9