Пьезо жарым өткөргүч
Көрүнүш
Пьезо жарым өткөргүч – бир убакта жарым өткөргүчтүк жана пьезоэлектриктик касиетке ээ болгон заттар.
Пьезо жарым өткөргүчкө Te, Se жарым өткөргүчтөр: CdS, CdSe, ZnO, ZnS GaAs жана InSb ж. б. кирет. Пьезо жарым өткөргүч пьезоэлектриктик өзгөртүүлөрдө колдонулат. Күчтүү электрон-фонондук өз ара аракетте-шүүлөрдүн натыйжасында Пьезо жарым өткөргүч үн-электрондук өз ара аракеттешүүнү (үн-электрдик эффектини) үйрөнүүдө өтө ыңгайлуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0