Франсуа Рабле

Википедия дан
Рабле Франсуа‎»‎ барагынан багытталды)

Франсуа Рабле (1494-жыл чен, Шинон шаарына жакын Турень – 9. 4. 1553, Париж) – француз жазуучусу, медицина боюнча илимпоз. Укук, медицина, архитектура, топография боюнча билим алган. «Пантагрюэль» (1532), «Гаргантюа жана Пантагрюэль» романдарынын автору. «Пантагрюэль» – Кайра жаралуу доорундагы француз маданиятынын көркөм энциклопедиясы. Рабле орто кылымдагы аскетизмди, рухий эркиндикти чектөөнү, куру такыбалык жана ырым-жырымдарды четке кагып, комедия чебери катары романында эл чыгармаларынын жомок, фаблио, тамаша, ылакап сыяктуу күлкүлүү жанрларын кеңири пайдаланып, фольклордон алынган каармандардын гротесктүү образдары (Гаргантюа, Пантагрюэль дөөлөр, чындык издеген Панург) аркылуу өз мезгилинин гумандуулук идеяларын ачып берген. Рабленин комедиясы француз адабиятында Лафонтен менен Мольерден Р. Ролланга чейинки жазуучуларга чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]