Радиациялык деффект
Радиациялык деффект – бө-лүкчөлөрдүн агымы жана электр-маг-ниттик нурлар менен катуу нерселерди нурландырууда пайда болгон структуралык бузулуу.
Катуу нерсеге берилген энергия атом аралык байланыштын бөлүнүшүнө сарпталат. Эң жөнөкөй Радиациялык деффектинин вакансиянын жана түйүн аралык атомдун түзүлүшү үчүн босоголук энергиядан εб (14–35 эВ) ашыкча энергиянын болушу зарыл. Ылдам бөлүкчөлөр (нейтрон, ондогон МэВ энергиялуу протон) менен нурландырганда аралашуучу атомдордун энергиясы ондогон КэВ, б. а. бир нече жүз миң жолу εб -ден ашык болууга тийиш. Ысытуу менен Радиациялык деффекттин концентрациясы толук жок болгонго чейин өзгөртүүгө болот. Радиациялык деффектти изилдөө менен радиацияга туруктуу материалдарды алууга жана алардын касиетин максаттуу өзгөртүүгө болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0