Радиоактивдүү булгануу

Википедия дан

Радиоактивдүү булгануу армия жана калк үчүн олуттуу коркунуч тУУДУрат, ал көп жерге таралышы мүмкүн. Радиоактивдүү булгануу ядролук жарылуудан пайда болгон булуттан жерге түшөт. Ядролук жарылуулар жер үстүндө же анча тереңдикте эмес жүргүзүлгөндө топурактын оттуу шарга кошулушунан ошол аймак радиоактивдүү булганууга көбүрөөк дуушар болот. Жабыркоонун деңгээли адам алган радиация дозасына жана ошол аймакта болгон убакытка жараша болот. Радиоактивдүү булгануудан коргонуу үчүн коргонч жайдан башка да I кабат жыгач үйлөр, өндүрүш имараты, үйдүн подвалы жана башкалар колдонулат. Нур оорусун алдын алуу үчүн калкты радиоактивдүү булганууга дуушар болгон аймактан чыгаруу керек. Булганган аймакта кийим-кечеге дезактивация, санитариялык тазалоо жүргүзүлүп, кебез-даки маска же противогаз, респираторлор кийгизилип, таза аймакка жөнөтүлөт.


Негизги макала Массалык жабыркатуучу куралдан коргоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8