Радиоизотоп диагностикасы

Википедия дан
Радиоизотоп диагностикасы

Радиоизотоп диагностикасы — радиоактивдүү изотоптордун жана алар менен белгиленген бирикмелердин жардамы менен ооруну табуу максатында кишинин орган жана системаларын изилдөөчү радиологиянын бөлүгү.

Негизги максаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Радиоизотоп диагностикасы организмге киргизилген радиоактивдүү изотоптордун бир жерден экинчисине жылып жүрүшүн, айрым ткандарда топтолушун, организмден бөлүнүп чыгышын изилдейт.
Кээ бир химиялык элементтердин радиоактивдүү изотоптору иондоштуруучу нурлардын булагы, алардын организмде кандай жайгашкандыгы атайын аппараттардын жардамы менен так жана анык эсептелип чыгарылат. Радиометриялык ыкмалардын жардамы менен радиоактивдүү изотопторду изилдеген организм үчүн зыянсыз абдан аз өлчөмүн байкап изилдейт. Радиоизотоп диагностикасында организм үчүн нурдун өлчөмү аз, кыска мөөнөт туруктуу жана организмден тез бөлүнүп туруучу радиоактивдүү изотоптор пайдаланылат.

Ыкмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Радиоизотоп диагностикасынын ыкмалары абдан көп. Алардын ичинен лабораториялык жана клиникалык радиометрия, клиникалык радиография, сканерлөө жана башка белгилүү.

  • Радиометрия ыкмасы менен кандын плазмасынын жана эритроциттердин көлөмүн так изилдесе болот. Зааранын радиометриясы боюнча бөйрөктүн иштешин, заңды радиометрия менен изилдегенде майлардын ичеги-карында сиңирилиши жөнүндө маалымат алынат.
  • Клиникалык радиографиянын жардамы менен изотоптун ар кайсы органдар аркылуу жүрүү ылдамдыгын өлчөйт, ал органдардын физиологиялык активдүүлүгүн билүүгө жардам берет.
  • Сканерлөө — радиоизотоп диагностикасынын кеңири таралган ыкмасы. Анда тигил же бул орган же тканда (боор, бөйрөк, өпкө, калкан бези жана башкалар) белгилүү радиоактивдүү препараттардын топтолушу атайын радио-диагностикалык аппараттардын (сканер) жардамы менен график түрүндө жазылат. Ички органдарды радиоизотоптук сканерлөө организмде органдын жайгашканын, анын формасын, өлчөмүн, патологиялык өзгөрүүлөрүн билүүгө мүмкүндүк берет.

Өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Радиоизотоп диагностикасынын ыкмаларынын өзгөчөлүктөрү — оорутпайт, оорулууга коркунучу жок жана натыйжалары абдан так.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8