Мазмунга өтүү

Радиометрдик анализ

Википедия — ачык энциклопедия

Радиометрдик анализ - радиоактивдүү заттар бөлүп чыгаруучу нурларды өлчөөгө негизделген сан анализинин бир түрү.

Ал изилденүүчү заттагы радиоактивдүү изотоптордун сапаттык жана сандык катнашын аныктоодо колдонулат. Бул анализде радиоактивдүү изотоптордун жалпы активдүүлүгү, б. а. убакыттын чен бирдигиндеги радио- активдүү бөлүнүүнүн саны же бөлүнүп чыгуучу нурлардын түрү жана ар биринин энергиясы Гейгердин санагычы жана ядроспектроскопиялык куралдардын жардамы менен өлчөнөт.

Радиометрдик анализдин изотоп алмаштыруу, радио- метрдик титрлөө ж. б. ыкмалары бар

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.