Радио бергич
Радио бергич – радио жыштыктын диапазонундагы модулданган электр термелүүлөрүн алуучу түзүлүштү радио бергичтин негизги түйүндөрү – туруктуу жана өзгөрмө ток энергиясын радио жыштыгынын термелүү энергиясына өзгөртүүчү генератор; кандайдыр бир термелүү параметрин (амплитудасын, жыштыгын, фазасын ж. б.) берилген тиешелүү сигналдарга жараша өзгөртүүчү модулятор; ошондой эле электр булагы Радио бергич толкун диапазону жана антеннага берилүүчү термелүүлөргө жараша кубаты аз, орточо кубаттуу, кубаттуу жана өтө кубаттуу болуп бөлүнөт. Жыштыкты модуляциялоо жолу боюнча амплитудалык, жыштыктуу, фазалуу же башка модуляциялуу болот; приборлорунун тиби боюнча лампалуу, транзиетордуу, магнетрондуу, клистрондуу ж. б.; арналышы боюнча байланыштык, уктургуч, локациялык ж. б.; жайгашуусу боюнча туруктуу (стационардык), көчмө болуп бөлүнөт. Радио бергич радио байланыш, телекөрсөтүү, радио уктуруу, радиолокация жана техниканын башка тармактарында ж. б. пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9