Радио кабылдагыч
Радио кабылдагыч, радио кабыл алгыч түзүлүш – радиодиапозондогу (башкача айтканда толкун узундугу бир нече миң метрден миллиметрдин үлүшүнө чейин болгон) электр-магниттик толкундарды кабыл алып, андагы маалыматты пайдаланылгыдай түргө өзгөртүүчү түзүлүштү радио кабылдагыч төмөнкү белгилери боюнча бөлүнөт: негизги арналышы (радио берүү, телекөрсөтүү, байланыш, пеленгациялык, радиолокациялык, радио башкаруу системасы үчүн, өлчөөчү ж. б.); иштөө түрү (радиотелеграфтык, радиотелефондук, фототелеграфтык ж. б.); байланыш каналында колдонулуучу модуляция түрү (амплитудагы жыштык, фазалык); колдонулуучу толкундардын диапазону; кабылдоо трактынын түзүлүш принциби (детектордо, түз түзөтүүчү, түз өзгөртүп түзүүчү, регенерациялык ж. б.); сигналды иштетүү ыкмасы (аналогдук, цифралык) орнотулган жери (туруктуу орнотулган, алып жүрмө); азыктандыруу булагы (тармактык, өзүнчө же универсалдуу). Жалпы түрдө радио кабылдагычтын иштөө принциби төмөнкүчө: электр-магнит талаасынын термелүүсү антеннага өзгөрмө электр тогун жиберет; ушул жол менен алынган электр термелүүсүн талап кылынган сигналды бөлүп алуу үчүн чыпкалап; сигналдан пайдалуу маалымат бөлүп алынат; алынган сигнал пайдалануу үчүн жарактуу түргө (үнгө, экрандагы сүрөттөлүшкө ж. б.) өзгөртүлүп түзүлөт. Радио кабылдагычтын жаралган күнү 1895-жылдын 7-майы деп эсептелет, ушул күнү A. С. Попов аны дүйнөдө биринчи жолу демонстрациялаган. 1899-жылы узундугу 45 км болгон биринчи байланыш линиясы түзүлүп, ал Гогланд аралы менен Котна шаарын туташтырган. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде электрондук лампалар колдонула баштаган жана түз күчөтүүчү кабыл алгыч өнүккөн. 1930-жылы экран торчолуу радиолампалар (тетрод жана пантод) пайда болуп, супергетеродиндик кабыл алгыч колдонулган. 1950–60-жылдары транзистордук радио кабылдагыч кеңири тараган. 1970-жылдардын ортосунан баштап радио кабылдагычта интегралдык микросхемалар кеңири колдонула баштаган. Азыркы Радио кабылдагычтын түрдүү моделдери (алып жүрмө, чөнтөк, цифралык) бар. Радио кабылдагыч функциясын мобилдик телефондордо, санариптик ойноткучтарда жана айрым телевизорлордо аткара баштады. Ошондой эле цифралык, спутниктик жана интернет-радио бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9