Радио уктуруу

Википедия дан

Радио уктуруу – маалыматты, кайрылууну же музыканы ж. б. радио аркылуу берүү; массалык үгүттөө, билдирүү иштерин жүргүзүүнүн негизги каражаттарынын бири. Радио уктуруу түрдүү тармактарга бөлүнөт: мисалы, коомдук-саясий, маданий, спорт, медицина ж. б. Совет доорунда радио уктуруу байланыш каражаты гана эмес, маалымат булагы катары бааланган. 1917-жылы радиодон Совет өкмөтүнүн декреттери, маанилүү окуялар жана эл аралык кабарлар уктурулган. 1918-жылы Эл Комиссарлар совети (ЭКС) өлкөдө радио техникалык ишти борборлоштуруу жөнүндө декрет кабыл алган. 1919-жылы Нижегород радио (1920-жылы В. И. Ленин жетекчилик кылган) лабораториясында, 1920-жылдан радио уктуруу станцияларында алгачкы тажрыйба жүргүзүлүп, радио уктурууну өнүктүрүүгө өтө чоң маани берилген. 1933-жылы Эл Комиссарлар Совети «СССР ЭКСке караштуу радиолоштуруу жана радио уктуруу боюнча бүткүл союздук комитет жөнүндө жобону» бекиткен. 1945-жылы 7-майда радио күнүн (ЭКС тарабынан) майрамдоо жөнүндө токтом кабыл алынган. 1962-жылы «Бүткүл Союздук радио берүү жөнүндө жаңы жобо» кабыл алынып, анда пландаштырылуучу берүүлөрдүн мазмуну, жанры, уктуруунун мезгилдик талаптары каралган. Радио уктуруу СССР элдеринин 60тан ашык тилинде жана чет өлкөлөрдүн 70ке жакын тилинде жүргүзүлгөн. Уктуруунун орточо суткалык көлөмү 1975-жылы СССРдин калкы үчүн миңден ашык саатты, ал эми Кыргызстанда 22 саатты түзгөн.[1]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Радио байланыш тутумунун өзгөчөлүктөрү. Текшерилген күнү 16 -декабрь (бештин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 18 -январь (үчтүн айы) 2021.