Раззаков Иматбек
Көрүнүш
Раззаков Иматбек (21.10.1945-жылы туулган, Ош областы, Ноокат району, Жал айылы) – зоотехник, айыл чарба илимдеринин доктору (1998), профессор (2000). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1969). 1969-жылдан ошол эле институтта аспирант, окутуучу, ага окутуучу, декан, институттун директору, профессор болуп эмгектенет. Койлорду көбөйтүү жана селекциясы боюнча адис. 55 илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 4 патенттин автору. Койдун кыргыз тоо мериносу породасынын автору (2006). Кыргыз Республикасынын Даңк медалы менен сыйланган. Эмгектери: Воспроизводство тонкорунных маток в зависимости от возраста первого осеменения. Б., 1992; Селекция высокогорного типа кыргызской тонкорунной породы. Б., 1997.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9