Райков Табылгасы
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Райков Табылгасы, Тан императорунун кыргыз каганына коштошуу белеги – 19-кылымдын 2-жарымында Хакасиядан табылган кытай иероглифтери менен жазылган мрамор тактайлары.
Бул тактайлар 866-ж. Ин-ву Чен-мин хан деген кытай титулун алып жүргөн кыргыз каганына арналып жазылган.
Кытай императорунун кутучаларга салып жөнөткөн аза күтүү «ай-сэ» жазмалары кыргыз каганына карата болгон кадыр-баркты, сый урматты чагылдырган.
Айрым маалыматтарда бул тактайчалар Саян мраморунан жасалганы айтылат.
Болжолу, маркум болгон Кыргыз каганына азат күтүүгө, көңүл айтууга келген Тан династиясынын (Кытай) элчилигинин курамында ташка тамга салуучу усталар келген.
860–873-ж. кыргыздардын элчилиги Тан императорунун кабылдоосунда үч ирет болушкан.
Ушул мезгилден тартып кыргыздардын тышкы саясаттагы аракети Чыгыш Түркстанга ээлик кылууга бурулган.
Айрым бөлүктөрү япон окумуштуусу Табылгасы Мацумото тарабынан окулуп чыккан.
«Ай-сэ» деп аталган ушул сыяктуу иероглиф тексттери Кытайдын Тан жана Сун династияларынын императорлорунун жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн мүрзөлөрүнө коюлган.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003