Райондук ички иштер бөлүмү (Чаткал)

Википедия дан

Райондук ички иштер бөлүмү (Чаткал) - милиция - коомдук тартипти көзөмөлдөө, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштуулукту алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди жүргүзүү ж.б. милдеттерди аткарат.

Райондун аймагында милиция бөлүмү 1936-жылдары түзүлгөн, алгач ички иштер эл комиссариаты (НКВД), кийин ички иштер бөлүмү аталган. Ички иштер бөлүмүндө алгач начальник болуп Кыдыралиев, кийин Т.Дадабаев (НКВД), С.Оморов, 1981-жылы райондун кайра уюшулгандыгына байланыштуу Чаткал райондук ички иштер бөлүмү түзүлүп, милициянын майору Надыров Мираш жетектеген. РИИБнүн курамында Сумсар айылдык милиция бөлүмчөсү бар. М.Надиров (1981-84), А.Кадыров (1984-88), М.Абдыкалыков (1988-90), А.Акимжанов (1990-95), М.Долонбаев (1995- 99), К.Солтоев (1999-2002), М.Шералиев (2002-2005), А.Хажиматов (2005-2007), M.Турсматов (2007-2009), А.Бийчиев (2009-2010), М.Добулбеков (2010-2014) жетектеген. Узак жылдар бою милиция бөлүмүндө С.Темиров (1956-73), Ч.Наркулов,М.Базарбаев, Б.Мамбеталиев, С.Молдоисаков, А.Нарбеков, Ш.Убайдылдаев, М.Эшимбетов, Р.Козукулов, Р.Мусабеков, У.Айтиев ж.б.иштешкен.

Учурда райондук ички иштер бөлүмүндө 35 кызматкер эмгектенип, милициянын подполковниги М.Муратов жетектейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6