Райымбекова Анапия
Райымбекова Анапия (1963-ж. т, Өзгөрүш айылы) - ырчы, обончу.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2017). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2024).
1986-ж. Кыргыз Улуттук Т. Сатылганов атындагы филармониянын эстрада студиясын бүтүргөн.
1986-96-ж. К. Орозов атындагы Академиялык эл аспаптардын коштоосунда Ж. Шералиевдин “Сезимдеги ойлор”, А. Керимбаевдин “Мендеги ыйык махабат”, Ж. Дүйшөналиевдин “Көлүм болсоң”, А. Атабаевдин “Чагылган” аттуу ж. б. лирикалык ырларды аткарат. Угуучулардын арасында элдик ыр шекилдүү ырдалып кеткен, “Жүрөгүм ооруйт дебегин” деген обону баш болгон “Ошол ыйман”, “Сен деп ырдайм” аттуу ж. б. бир нече обондорду чыгарат.
1996-жылдан филармониядагы А. Үсөнбаев атындагы эл шайырлар тобунда иштейт. Пакистанда (1987), Кампучияда (1988), Монголияда (1989), Кытайда гастролдо болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5