Райымбек Калча уулу

Википедия дан

Райымбек Калча уулу (1833, Сарыкамыш айылы - 1910, Ошол эле жер) - өрөөнгө таанымал болуш.

1850-жылдары акталаалык Осмон датканын аскери болгон.

1860-жылдары Осмон датка менен бирге Россиянын колониялык саясатына каршы күрөш жүргүзгөн. Ал Осмон датка менен Кашкарга чейин качып барган, кийин кайрылып келип, Шабдан баатырдын жардамы менен Сарыкамышка ыстарчын (старшина) болуп дайындалган. Көп өтпөй Ошол эле жерге болуштукка шайланган. Ал эл үчүн биртоп алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүп, айылга мечит, мончо курдурган. Элди багбанчылыкка үйрөтүп, алма-өрүктөрдүн түрлөрүн тиктирген. Калктын сабатын жоюуга аракеттенип, балдарды окуттурган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5