Мазмунга өтүү

Ракеталар динамикасы

Википедия — ачык энциклопедия

Ракеталар динамикасы - реактивдүү кыймылдаткычтар менен жабдылган учуучу аппараттардын кыймылы жөнүндөгү илим.

Кыймылдаткычы иштеген мезгилде ракетанын учушунун эң негизги өзгөчөлүгү - андагы отундун күйүшүнүн натыйжасында ракетанын массасынын тез өзгөрүшү (азайышы). Мисалы, бир баскычтуу ракетанын ылдамдануу кезиндеги баштапкы массасы 90%ке чейин азаят. Ракета кыймылдаткычтар иштеген кездеги кыймыл мыйзамдары массасы өзгөрмө нерселердин механикасынын теңдемелери менен берилет.

Ракеталар динамикасынын эң маанилүү бөлүктөрү:

  • 1) ракетанын масса (оордук) борборунун кыймылын изилдөө, б. а. Ракеталар динамикасынын траекториялык маселелер теорияларын түзүү;
  • 2) ракетанын масса борборуна карата кыймылын изилдөө;
  • 3) эксперименттик Ракеталар динамикасында ракетанын кыймылы эксперименттик методдор менен изилденет.

Суюк отун менен иштөөчү абдан чоң ракеталардын жасалышына байланыштуу Ракеталар динамикасынын жаңы бөлүмдөрү өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.