Мазмунга өтүү

Ракета алып жүргүч

Википедия — ачык энциклопедия

Ракета алып жүргүч – көп баскычтуу (демейде 2–4 баскычтуу) башкарылуучу баллистикалык ракета. Ал жерден пайдалуу жүктөрдү, мисалы, Жердин жасалма жандоочуларынын, планета аралык автоматтык станцияларды, космос кемелерин, орбиталык станцияларды ж. б. космоско учуруп чыгарат. Ракета алып жүргүч пайдалуу жүккө 1-же 2-космостук ылдамдыктан чоң же ага барабар ылдамдык берет. Энергиялык мүнөзүнө жана пайдалуу жүктү жасалма спутниктин орбитасына алып чыгуу жөндөмдүүлүгүнө жараша ал төмөнкү класстарга: жеңил (500 кгга чейин), орто (10 тоннага чейин), оор (100 тоннага чейин), өтө оор (100 тоннадан ашык) деп шарттуу бөлүнөт. Ракета алып жүргүчтүн көпчүлүгү континент аралык баллистикалык ракетанын же орточо аралыкка учуучу баллистикалык ракетанын негизинде түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]