Ракета динамикасы
Ракета динамикасы – реактивдүү кыймылдаткычтар менен жабдылган учуучу аппараттардын кыймылы жөнүндөгү илим. Кыймылдаткычтын таасири астында учуп бара жаткан ракетанын массасы отундун күйүшү менен азаят. Бир баскычтуу ракеталар тиешелүү ылдамдыкка ээ болуу үчүн баштапкы массасынын 90%ин жоготот. Ракета динамикасынын закондору өзгөрмө массалуу нерселердин механикасында каралат. Анын теориялык негизин орус окумуштуулары К. Э. Циолковский менен И. В. Мещерский түзгөн. Ракета динамикасынын негизги бөлүмдөрү: 1) ракеталардын массаларынын (оордук күчүнүн) борборунун кыймылын үйрөнүү; 2) массанын борборуна салыштырмалуу кыймылын үйрөнүү; 3) ракета динамикасынын эксперименттик бөлүмү. Учуунун кинематикалык жана динамикалык мүнөздөмөлөрүн алууда ЭЭМ, оптикалык, радиоэлектроникалык куралдар ж. б. колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9