Мазмунга өтүү

Раманкулов Бердалы

Википедия — ачык энциклопедия

Раманкулов Бердалы (1952-ж. т.,Сокулук району) - балет бийчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992).

1969-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн.

1969-жылдан тартып, Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы oпеpa жана балет театрында балет бийчиси. А. Хачатуряндын «Спартагынан»Крастын, К. Молдобасанов менен Г. Окуневдин «Куйручугунан» Сары-байдын, В. Власовдун «Аселинен»Байтемирдин, П. Чайковскийдин «Аккуу көлүнөн» Ротборттун, А. Адандын «Жизелинен» Ганстын, М. Раух-вергердин «Чолпонунан» жиндин, С.Полуэктовдун «Бастилиясынан» Симурдендин ж. б. образдарды көрүүчүлөргө жеткилең ачып берүүгө жетишкен.

Бельгияда, Францияда, Германияда, Финляндияда, Кытайда гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.