Рамзауэр эффекти
Көрүнүш
Рамзауэр эффекти - тар мааниде газ молекулалары же атомдору жай кыймылдуу электрондорду издери аркылуу чачыратпастан толук өткөрүү кубулушу; кең мааниде (классикалык физиканын түшүнүгү боюнча) электрондордун жана кээ бир газдын нейтраль атомдорунун (же молекулаларынын) өз ара аракеттенишинин аномалдуу (нормалдуу эмес) мүнөздө болушу.
Рамзауэр эффектин 1920-ж. немис физиги К. Рамзауэр аргондогу электрондордун чачыроосун изилдөөдө ачкан. Кийин башка оор инерттүү газдарда байкалган. Атом менен өз ара аракеттенүүдө жайыраак электрондор толкун сыяктуу кыймылда болушат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.