Расалык дискриминация

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Расалык дискриминация (лат. Dickriminatio - айырмачылык) - кайсы бир расадагы кишилердин сырткы антропологиялык (расалык) белгилерине карап негизги адам укуктарын чектөө же андан ажыратуу.

Европалык державалардын Африканы колониялаштыруу мезгилинде пайда болгон. Азыр жеке мамилелерде гана байкала калып жүрөт. Адамдардын укук жана эркиндиктерин чектөө масштабына жараша расалык геноцид, апартеид, сегрегация түрлөрү ажыратылат. Расалык дискриминация (эзүү) эл аралык мыйзамдарда адамзатка каршы кылмыш катары каралат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.