Мазмунга өтүү

Растрелли, Варфоломей Варфоломеевич

Википедия долбоорунан

Растрелли, Варфоломей Варфоломеевич (Бартоломео Франческо) [1700, Париж (?) – 1771, Петербург] – орус архитектору. Орус барокко архитектурасынын (XVIII к.) ири өкүлү. Теги жагынан италиялык, Франциядан Россияга чакырылып келген скульптор Б. К. Растреллинин уулу. 1730–63-ж. падыша дворецинин архитектору. Ал 1747–52-ж. Петергофту (азыр Петродворец) кайра куруп, Чоң дворецти кеңейтип, калыбына келтирген. Царское Селодо (азыр Пушкин ш.) Екатерина дворецин аябай кооздолгон фасад жана флигелдүү зор имаратка айландырган. Андан тышкары Смольный монастырын (1748–54), Кышкы дворецти (1754–62) курган. Р-нин чыгармачылыгына архитектуралык формалардын ачык-айкындыгы, скульптуралык жасалгалардын арбындыгы, түстөрдү чебер пайдалануу мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]