Мазмунга өтүү

Расулзаде Мамед Эмин

Википедия — ачык энциклопедия
Расулзаде Мамед Эмин
азерб. Məmməd Əmin Rəsulzadə
Расулзаде Мамед Эмин
Желек
Желек
1-чи Азербайжан Улуттук кеңешинин төрагасы
желек
желек
27-май 1918  7-декабрь 1918
Андан мурунку: Кызмат орду жаңы негизделген
Андан кийинки: Кызмат орду жаңы жоюлган
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 31 -январь 1884(1884-01-31)
Туулган жери: Орусия империясы, Баку губерниясы, Новхани айылы
Каза болгон жылы: 6 -март 1955(1955-03-06) (71 жаш)
Каза болгон жери: Түркия, Анкара шаары
Мүрзөсүнүн орду: Жебежи Астри көрүстөнү
Атасы: Ахунд Гажи Молла Алекбер Расулзаде
Апасы: Зиннят ханум
Жубайы: Биринчи жуйбайы Умбульбану Расулзаде
Экинчи жубайы Лейла Расулзаде
Балдары: Латифа Расулзаде
Халида Расулзаде
Расул Расулзаде
Азер Расулзаде
Партиясы: Мусават
Билими: Баку техникалык мектеби
Кесиби: Жазуучу, акын, драматург, журналист, публицист, тарыхчы, философ, адабият таануучу, маданият таануучу, саясатчы
Ишмердүүлүгү: Саясат, поэзия, адабият, революция
 
Автограф: Кол тамгасы

Расулзаде Мамед Эмин Ахунд Гажи Молла Алекбер оглы (азерб. Məmməd Əmin Axund Hacı Molla Ələkbər oğlu Rəsulzadə, 31-январь 1884-жыл, Орусия империясы, Баку губерниясы, Новхани айылы — 6-март 1955-жыл, Түркия, Анкара шаары) — Азербайжандын мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмери, Азербайжан улуттук кыймылынын идеологу[1], журналист жана драматург, 1918-жылы Азербайжандын Улуттук кеңешинин төрагасы, Азербайжан эмиграциясынын активдүү өкүлү.

Расулзаде "Гүммет" социал-демократиялык уюмунун мүчөсү жана Мусават партиясынын лидери болгон[2]. Анын "Bir kərə yüksələn bayraq bir daha enməz!" ("Бир жолу көтөрүлгөн байрак кайра түшпөйт!") деген сөзү XX кылымда Азербайжандагы улуттук кыймылдын ураанына айланган. Өмүрүндө ар кандай гезит-журналдарда 1000ден ашык басылмалардын автору болгон[3].

Расулзаде Мамед Эмин 1884-жылдын 31-январында Баку шаарына жакын жайгашкан Новхани айылында молдонун үй-бүлөсүндө туулган. Алгачкы билимди атасынан алган, анын атасы айылдын ахунду болгон. Диний адам болгонуна карабастан, атасы аны директору Султан Межид Ганизаде болгон «орус-мусулман» мектебине берет. Бул мектепти аяктагандан кийин, Мамед Эмин Баку техникалык окуу жайында окуусун уланткан[4].

1902-жылы ал мусулман жаштарынын арасында «Мусават» («Теңдик») аттуу жаштар уюмун түзгөн. 1903-жылы анын эне тилдин тазалыгы тууралуу биринчи макаласы Шарги-Рус («Орус Чыгышы») гезитинде жарыяланган. Ошол эле жылы ал «Жаш азербайжан революционерлеринин кружогун» уюштурган[4].

Азербайжан интеллигенттери: Солдон оңго: Мешади Азизбеков, Аждар Меликов, А.Ахундов жана Мамед Эмин Расулзаде

1904-жылы Миргасан Мовсумов жана Мамед Гасан Гажинский менен бирге Гуммет аттуу мусулман социал-демократиялык уюмду негиздеген. Бул уюм Россия социал-демократиялык жумушчу партиясынын курамына автономдуу бөлүк катары кирген. Ал «Гуммет», «Текямул», «Йолдаш» гезиттеринин башкы редактору болгон. Ошондой эле Ахмед-бек Агаев редакциялаган «Иршад» жана «Терегги» сыяктуу партияга тиешеси жок гезиттерге да макалаларды жазган.

1905-жылдагы Орусиядагы революция учурунда Расулзаде Кавказдагы большевиктер менен, анын ичинде Иосиф Сталин, Нариман Нариманов жана Мешади Азизбеков менен кызматташкан. Анын революциячыл ишмердүүлүгү үчүн полиция тарабынан көзөмөлдө турган.

1904-жылы Сталин менен биринчи жолу жолугушкан. Бул таанышууну анын тууганы Мамед-Али Расулзаде уюштурган. Алардын жолугушуусу Бакунун Балаханы кыштагындагы фабрика кызматкерлерине тиешелүү бөлмөлөрдүн биринде өткөн.

1906-жылдын 5-январынан тартып ал «Иршад» гезити менен кызматташып, «Айылдагы кырсык» аттуу макаласын жарыялаган. Анда армян-азербайжан кагылышуулары жөнүндө жазып, адамдарды зомбулукту токтотууга чакырган.

"Мусават" партиясынын мүчөлөрү

1906-жылдын 8-мартында ал Бакуда Нижат аттуу маданий-агартуучулук коомду уюштурган. Бул коомдун мүчөлөрүнүн арасында Узеир Гаджибеков, Гусейнкули Сарабский жана башка белгилүү инсандар болгон. Коомдун негизги максаты — азербайжан элинин арасында агартуу иштерин жүргүзүү, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берүү жана билимге тартуу болгон. Алар китепканаларды жана окуу залдарын ачышкан. Балаханыдагы мектепте белгилүү акын Мирза Алекпер Сабир сабак берген[4].

1908-жылы ушул коомдун колдоосу менен Бакуда Лейли и Межнун операсы коюлган. Коом арасында кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, түшкөн каражатты муктаждарга жумшаган. Ушундай иш-чаралардын биринен түшкөн каражатка Иосиф Сталиндин түрмөдөн качуусуна көмөк көрсөтүлгөн деген маалыматтар бар[4].

Расулзаде саясий ишмердүүлүк менен катар адабий ишмердүүлүк менен да алектенген. 1908-жылы анын «Караңгыдагы жарыктар» пьесасы сахналаштырылган, ал эми «Күтүлбөгөн кырсык» аттуу чыгармасы да басылган[4].

Чет өлкөдөгү ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1909-жылы Иранга келип, Иран Конституциялык революциясы учурунда активдүү катышкан. Ал Демократиялык партияны түзүүгө катышып, «Ирани-Ноу» гезитинин редактору болгон. Тебризде ал Саттар-хан менен жолугушкан.

1911-жылы революция аяктагандан кийин, ал Осмон империясына кеткен. Ал жакта «Türk yurdu» журналы менен кызматташкан. Анын идеяларынын негизинде Бакуда улуттук Мусават партиясы түзүлгөн.

1913-жылы Романовдор династиясынын 300 жылдыгына байланыштуу жарыяланган мунапыс менен Бакуга кайтып келип, «Гуммет» партиясынан чыгып, «Мусават» партиясынын лидери болгон.

Азербайжан Демократиялык Республикасы мезгили

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Азербайжан Демократиялык Республикасынын Парламентинин биринчи сессиясы. 1918-жылдын 7-декабры (Расулзаде оң жакта)
1918-жылдагы Стамбул конференциясына катышуу үчүн барган Азербайжан делегациясы. Тургандар (солдон оңго): Ахмед-бей Пепинов жана Аслан-бей Сафикурдский; отургандар (солдон оңго): Халил-бей Хасмаммедов жана Мамед Эмин Расулзаде
Бакудагы Мамед Эмин Расулзаде жашаган үй

1917-жылдагы Февраль революциясынан кийин ал мусулман съезддерине катышкан. Анын сунушу менен Орусияны федеративдик мамлекет кылуу идеясы көтөрүлгөн[5].

1918-жылдын 27-майында ал Азербайжандын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 28-майда Азербайжан Демократиялык Республикасынын түзүлүшү жарыяланып, көз карандысыздык декларациясы кабыл алынган. Ошол эле күнү биринчи өкмөт түзүлгөн[4].

Мамед Гасан Гажинский менен бирге Осмон империясы менен достук келишимге кол койгон. Ошондой эле Стамбулда өткөн эл аралык конференцияга катышкан. Түркиянын аскер министри Энвер-паша Бакунун бошотулушу тууралуу ага билдирген.

Расулзаде парламенттин түзүлүшүндө негизги ролду ойноп, анын ачылышында өзүнүн белгилүү «Бир жолу көтөрүлгөн байрак кайра түшпөйт!» деген сөзүн айткан.

1919-жылы ал Баку мамлекеттик университетинин негизделишине катышкан.

Совет бийлиги мезгили

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1920-жылдын 27-апрелинде Кызыл Армиянын Азербайжанга кириши менен совет бийлиги орногондон кийин, ал большевиктерге каршы жашыруун аракеттерди уюштурган.

Лагич аймагында жашырынып жүрүп, «Сиявуш биздин кылымда» чыгармасын жазган. Бирок кийин кармалып, камакка алынган. Кийин Иосиф Сталин бошотуп, Москвага кетүүгө сунуш кылган.

Москвада ага жогорку кызматтар сунушталган, бирок ал макул болбой, илимий жана педагогикалык иштер менен алектенген. 1922-жылы ал Петроград аркылуу Финляндияга өтүп, эмиграциядагы жашоосун баштаган.

Эмиграциядагы жашоосу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Расулзаде Финляндиянын Хивинкая шаарында, 1922. Солдон оңго: Абдулла Баттал Таймас, Мустафа Салах, Мамед Эмин Расулзаде, Лутфи Ишаги

Финляндияга келгенден кийин Расулзаде Мамед Эмин 15 күн бою Териоки шаарында фин аскерлеринин көзөмөлүндө болгон. Андан соң ал дээрлик бир ай Хельсинки шаарындагы татар жамаатында жашаган. Бул жерде ал белгилүү ишмер Абдулла Баттал-Таймас жана Петроград шаарынын имамы менен жолуккан. 1922-жылдын 16-сентябрында паспорт жана виза иштерин бүтүрүп, Хельсинкиден Берлинге кеткен.

1922-жылдын аягында Расулзаде Стамбулга келген[6]. 1923-жылдын май айында бул жерде анын «Азербайжан Республикасы» аттуу китеби жарык көрүп, ошол эле жылы Измир экономикалык конгресси учурунда Ататүрк сыйлыгына татыган. 1923-жылдын сентябрында анын жетекчилиги алдында азербайжан эмигранттарынын биринчи басылмасы — «Йени Кафкасия» («Жаңы Кавказ») чыгарыла баштаган. 1924-жылы анын демилгеси менен «Мусаваттын тышкы байланыш бюросу» жана «Азербайжан улуттук борбору» түзүлгөн.

1926-жылы июлда кавказдык эмигрант уюмдары Кавказдын көз карандысыздык комитетин түзүшкөн, анда Расулзаде уюштуруучулардын бири жана Азербайжандын өкүлү болгон. Кийин ал Кавказ конфедерациясынын кеңешине да кирген. Ошол эле жылы Парижде эл аралык «Прометей» кыймылы түзүлүп, анын негизделишине да активдүү катышкан.

1928-жылы анын жетекчилиги алдында «Азери-тюрк» журналы жарыялана баштаган. Ошондой эле «Улут жана большевизм» жыйнагы жана «Большевизмдин кыйрашы жана демократиянын келечеги» аттуу эмгектери чыккан. 1929-жылдын 1-мартынан тартып Стамбулда анын редакциясы менен «Одлу юрд» («Оттун мекени») журналы чыгып турган.

Лидеры политэмиграции тюркских и кавказских народов в Польше. Сидят слева: Магомет Гирей Сунш, Джафер Сейдамет Кырымер, Гаяз Исхаки, Мамед Эмин Расулзаде. Стоят: Мустафа Шокай, Мустафа Векилли, Таусултан Шакман
Польшадагы түрк жана кавказ элдеринин саясий эмиграциясынын лидерлери. Солдон оңго карай отургандар: Магомет Гирай Сунш, Жафер Сейдамет Кырымер, Гаяз Исхаки, Мамед Эмин Расулзаде. Солдон оңго карай тургандар: Мустафа Шокай, Мустафа Векилли, Таусултан Шакман

1931-жылы ал Түркиядан чыгып, Польшада жашаган. Бул жерде ал Ванда аттуу аялга үйлөнүп, ал кийин Лейла деген ысымды алган. 1932-жылдын 10-январында Берлинде анын жетекчилиги менен «Истиглал» («Көз карандысыздык») гезити чыга баштаган. Ошол эле жылы Варшавада өткөн ориенталисттер конгрессине катышкан. 1933-жылы «Азербайжандагы улуттук кыймыл» аттуу макаласын жазган.

1934-жылы Берлинде «Гуртулуш» («Куткарылуу») журналын чыгара баштаган. 1935-жылы Брюсселде өткөн кавказ уюмдарынын конференциясына катышкан. 1936-жылы Парижде кавказ элдеринин өкүлдөрүнүн жыйынын ачкан, ал эми Варшавада «Мусават» партиясынын конференциясында улуттук күрөш тууралуу баяндама жасаган.

1940-жылдан баштап Экинчи дүйнөлүк согуштун аягына чейин ал негизинен Бухарест шаарында жашаган. Бул жерде «Азербайжан акыны Низами» аттуу эмгегин жазган. Германияга да барып, азербайжандык туткундарды куткарууга аракет кылган жана «Азербайжан улуттук комитетин» түзгөн.

Бирок Германия менен кызматташууга көз карандысыздык шарты менен гана макул болорун билдирген. Германия Азербайжандын көз карандысыздыгын таануудан баш тарткан соң, Расулзаде кызматташуудан баш тартып, 1942-жылы Бухарестке кеткен. Германиянын саясатын кескин сынга алып, алардын Азербайжанга эркиндик бербесин ачык айткан[7].

1943-жылы азербайжан легионерлеринин алдында сүйлөп, башка элдердин эркиндигине каршы согушпоого чакырган. Ошол эле жылы ал Германия менен байланышын толугу менен үзгөн.

1944-жылы Румынияда мамлекеттик төңкөрүш болуп, өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон. 1945-жылы Австрияга барып, кийин Германиядагы Миттенвальд шаарындагы качкындар лагеринде жашаган. Бул жерде ал «Азербайжандын демократиялык биримдигин» түзүп, советтерге өткөрүлүп берилүү коркунучунда турган азербайжан туткундарын коргоого аракет кылган[8].

1947-жылы Мюнхенде «Азербайжандын тарыхы» аттуу китебин чыгарган. Ошол эле жылы Түркияга кайтып келүүгө уруксат алып, Түркиянын жарандыгын алган[9]. Бул чечимге Исмет Инёню колдоо көрсөткөн.

Түркияга кайтып келгенден кийин ал Анкарада Азербайжан улуттук борборун кайра жетектеп, 1949-жылы «Азербайжан маданий кружогун» негиздеген. Илимий жана адабий иштерин улантып, азербайжан маданияты, адабияты жана тарыхы боюнча бир катар эмгектерди жазган.

1952-жылы «Азербайжан» журналы жарыяланып, анда тарых, маданият жана улуттук боштондук күрөшү тууралуу макалалары чыккан. Ошондой эле Американын СССРдин элдеринин эркиндиги комитети менен кызматташып, 1953-жылы АКШга барып, «Америка үнү» радиосунда Азербайжандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасаган.

Мамед Эмин Расулзаде 1955-жылдын 6-мартында Анкара шаарында каза болуп[1], сөөгү Жебежи Астри көрүстөнүнө коюлган. Анкара муниципалитетинин демилгеси менен Мамед Эмин Расулзаденин мүрзөсүнүн үстүнө эстелик тургузулуп, Азербайжан менен Түркиянын желектери илинген.

Мамед Эмин Расулзаденин небереси Раис Расулзаде Бакуда жашайт[10].

Расулзаденин чыгармаларынын басылмалары Бакудагы Азербайжан тарых музейинде
  • "Орус адабиятынын үлгүлөрү" аттуу котормолор китеби (Стамбул, 1912)
  • М. Горькийдин котормолору, "Эне" романынын тандалган бөлүктөрү, "Хан жана анын уулу" аңгемеси (Баку, 1914)
  • "Мамлекеттик түзүлүшкө эки көз караш (өкмөттүн эки түрү)" (Баку, 1917)
  • "Демократия" (Баку, 1917)
  • "Бизге кандай башкаруу пайдалуу?" (Баку, 1917)
  • "Мусават" Азербайжандын түзүлүшүндө" (Баку, 1920)
  • "Азербайжан Республикасы" (Стамбул, 1923)
  • "Кылымыбыздын Сиявуштары" (Стамбул, 1923)
  • "Көз карандысыздык жана жаштар идеясы" (Стамбул, 1925)
  • "Орусиядагы саясий кырдаал" (Стамбул, 1926)
  • "Революциялык социализмдин кулашы жана демократиянын келечеги" (Стамбул, 1928)
  • "Улут жана большевизм" (Стамбул, 1928)
  • "Панаранизм жөнүндө. Кавказ маселесине байланыштуу (Париж, 1930)
  • Азербайжан жана анын көз карандысыздыгы (Париж, 1930)
  • Азербайжандын заманбап адабияты (Берлин, 1936)
  • Азербайжан маселеси (Берлин, 1938)
  • Азербайжан көз карандысыздык үчүн күрөштө (Варшава, 1938)
  • Азербайжан маданиятынын салттары (Анкара, 1949)
  • Азербайжандын заманбап адабияты (Анкара, 1950)
  • Азербайжандын заманбап тарыхы (Анкара, 1951)
  • Азербайжан акыны Низами (Анкара, 1951)

Расулзаде Мамед Эминдин элесин эскерүү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1999-жылы Кировский шаарынын аталышы Мамед Эмин Расулзаде деп өзгөртүлгөн.
  • Анын сүрөтү түшүрүлгөн мемориалдык такта Расулзаде туулган Новхани айылындагы үйдүн дубалына орнотулган.
  • Новхани айылында эстелиги орнотулган.
  • Загаталада эстелиги орнотулган.
  • Ганжадагы эстелиги орнотулган.
  • Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин 2013-жылдын 22-ноябрындагы буйругу менен 2014-жылы Мамед Эмин Расулзаденин 130 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө чечими кабыл алынган[11].
  • Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин 2023-жылдын 30-декабрындагы буйругу менен 2024-жылы Мамед Эмин Расулзаденин 140 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө чечими кабыл алынган[12].
  • Мамед Эмин Расулзаденин 140 жылдыгын белгилөө үчүн онлайн музейинин веб-сайт ишке киргизилген[13].
  1. 1 2 Milli Azərbaycan Tarixi Muzeyi. AXC banilərindən biri, görkəmli şəxsiyyət M.Ə.Rəsulzadənin anım günüdür
  2. Гусейнов М. Д. Тюркская демократическая партия федералистов „Мусават“ в прошлом и настоящем
  3. Насиман ЯГУБЛУ. Энциклопедия Мухаммеда Эмина Расулзаде
  4. 1 2 3 4 5 6 Azərbaycan tarixi. Yeddi cilddə. V cild (1900-1920-ci illər). Bakı: Elm. 2008. 260. ISBN 978-9952-448-41-2.
  5. Tadeusz Swietochowski. Russian Azerbaijan, 1905-1920: The Shaping of a National Identity in a Muslim Community
  6. M. A. Rasulzade Muzeyi. Mühacirət Dövrü Türkiyə
  7. 525. Azadlıq mücadiləsinin və mücahidlərinin haqqını verən kitab
  8. M. A. Rasulzade Muzeyi. M.Ə.RƏSULZADƏNİN FRANSADAKI FƏALİYYƏTİ
  9. Atatürk Kültür, Dil ve Tarih Yüksek Kurumu. Bibliyografya / M. Resulzâde.
  10. Trend.az. В Баку прошло мероприятие "Одна страница истории", посвященное юбилею Мамеда Эмина Расулзаде
  11. Azərbaycan Respublikası Prezidentinin rəsmi internet saytı. Məhəmməd Əmin Rəsulzadənin 130 illik yubileyinin keçirilməsi haqqında Azərbaycan Respublikası Prezidentinin Sərəncamı
  12. Azərbaycan Respublikası Prezidentinin rəsmi internet saytı. Məhəmməd Əmin Rəsulzadənin 140 illiyinin qeyd edilməsi haqqında Azərbaycan Respublikası Prezidentinin Sərəncamı
  13. AZƏRTAC. AMEA-da Məhəmməd Əmin Rəsulzadənin 140 illiyi qeyd olunub

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]