Ратгерс Университети
Ратгарс (англ. Rutgers University) - Нью Жерси Штатынын Мамлекеттик Университети (/ rʌtɡərz /), жалпысынан Ратгерс Университети, же РУ, деп да аталат. Бул америкалык мамлекеттик илимий-изилдөө университети жана Жерсидеги жогорку кесиптик билим берүүнүн ири мекемеси.
Ратгер 1766-жылы 10-ноябрда Квиин Колледжи катары түзүлгөн. Бул университет АКШда сегизинчи байыркы университет жана ал Америкалык ыңкылаптан мурун түзүлгөн тогуз колониялык колледждедин бири. Колледж 1825-жылы Ратгерс Колледждин аты Колонел Генри Ратгерсдин урматына (1745-1830) өзгөргөн. Колонел Генри Ратгерс Нью Йорк шаарындагы жер ээси, мурдагы аскер кызматкери, анын $ 5000 долларлык кайрымдуулугун ушул мекемеге берген жана бул кайрымдуулук каржылык кыйынчылыктардан кийин кайра ачууга мүмкүнчүлүк берген. Анын көпчүлүк учурунда, Ратгерс голландиялык чиркөө менен байланышы бар жеке гуманитардык колледж болчу. Бул колледж айыл-чарба, иженер жана илим боюнча изилдөөгө жана окутууга иш-чараларын кеңейтип, 1862-жылдын Морил Актысынын негизинде 1864-жылы мамлекеттин жалгыз жер-грант колледжи деп аталган. Ал 1924-жылы университеттик наамын магистратура жана андан ары окуу даражаларын киргизгенде алган. Бирок, Ратгерс 1945-жылы жана 1956-жылы Джерси мыйзам тарабынан кабыл алынган боюнча "Нью-Джерси мамлекеттик университети" болуп дайындалгандан кийин бириккен мамлекеттик илимий-изилдөө окуу жайына айланды. Ал кийинчерээк мамлекеттик университетке айланган эки гана колониялык колледждердин бири болуп калган. [А] Бирок, Ратгерс мамлекеттик-жеке гибрид катары кала берет. Өзгөчө "жеке менчик укугу" анын башкаруу боюнча бир тараптуу өзгөрүүлөрүнө, анын башкаруусу, аты-жөнү жана түзүлүшү боюнча мамлекет мажбурлап өзгөртө албаса ошол бойдон кала берет.