Мазмунга өтүү

Рауль закондору

Википедия — ачык энциклопедия

Рауль закондору. Фр. окумуштуусу Ф. М. Рауль көп тажрыйбалар негизинде (1887) төмөнкү закондорду ачкан. 1. Эритменин буусунун басымын салыштырмалуу азайышы эриген зат молдук үлүшүнө пропорционалдуу.

Р0 – Р n2

——— = N же DР = Р0N, мында N = ——— . 100 Р0 n2 + n1

P0 – таза эриткичтин, Р – эритменин үстүндөгү буунун басымдары, n2 - эриген зат молдук саны, n1 - эриткич молдук саны. Законго электролит эмес заттар суюлтулган эритмелери гана баш ийет. Суюлтулган эритмелерде n - дин мааниси өтө кичине болгондуктан, аны эске албай эле:

DР n

——— = —— деп жазууга болот.

Р0 N

2. Эритмелер тоңуу жана кайноо темп-раларын ченөөнүн натыйжасында:

а) эритмелер тоңуу темп-раларынын жогорулашы эриген зат молялдык концентрациясына түз пропорционалдуу, б) бирдей сандагы эриткичте эриген ар түрдүү заттар эквимол. сандары эриткичтин тоңуу чекиттерин бирдей темп-рага төмөндөтөт (кайноо чекиттерин бирдей темп-рага жогорулатат): DtТ = К.С жана DtК = ЭС, DtТ – эритменин тоңуу темп-расынын төмөндөшү, DtК-кайноо темп-расынын жогорулашы. С - эриген заттын молялдык концентрациясы, К – криоскопиялык, Э – эбулиоскопиялык константа (берилген эриткичтер үчүн туруктуу сандар). Электролиттер үчүн Р. з. изотониялык коэффициент i - аркылуу колдонулат. DР = iPo·N, DtT = iKC, DtК = iЕС

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]