Рафаэль

Википедия дан
Рафаэль Санти‎»‎ барагынан багытталды)

Рафаэль Санти [өз аты Рафаэлло Санти (Санцио); 26 же 28. 3 (башка маалыматтар боюнча 6. 4), 1483, Урбино – 6. 4. 1520, Рим] – Кайра жаралуу доорундагы италян живописчиси жана архитектору. П. Перужинонун шакирти. Классикалык ачык-айкындык жана көтөрүңкү маанай менен Кайра жаралуунун оптимисттик идеалдарын чагылдырган. Рафаэлдин алгачкы чыгармалары («Үч сулуу», «Рыцардын түшү», «Мадонна Конестабиле», 1500–02-жылдар чен) асемдүүлүккө, назик лиризмге толгон. Күчтүү сезимге, ыргактуулукка, көркөм түс айкалыштарына, тулкулардын жана зор архитектуралык чөйрөнүн биримдүүлүгүнө жетишүү менен Ватикан (1509–17) станцаларындагы (бөлмөлөр) дубал сүрөттөрүндө адамдын жердеги бактысын, ички дүйнөсү менен дене турпатынын айкалышын даңктаган. Теңир энесинин көптөгөн сүрөттөрүн («Сикст мадоннасы», 1515–19), Фарнези вилласынын дубалындагы (1514–18), Ватикан лоджияларындагы (1519, шакирттери менен) сүрөт ансамблдерин жараткан. Портреттеринде Кайра жаралуу адамынын идеалдуу образын түзгөн («Б. Кастильоне», 1515), Римдеги ыйык Пётр соборун долбоорлогон, Санта-Мария дель Пополо чиркөөсүнүн Кижи капелласын (1512–20) курган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]