Мазмунга өтүү

Рахманбердиев Жалал

Википедия — ачык энциклопедия

Рахманбердиев Жалал Ат жабдыктарынын чебери. 1922-ж. Кара-Суу районундагы Хаус айылында төрөлгөн.

Чарбада эмгектенген. Кийинчерээк ээр чаап, аны каптоону, ат жабдыктарынын калган бөлүктөрүн сынпостоону өзүнө түбөлүктүү кесип туткан. Бул жергенин ээрчилери буюмдун жердигине бака теректи, сай теректи, көк теректи, кара жыгачты жана тоо кайынды көп пайдаланышат. Жоон долоно, акчечек өңдүү жыгачтардын ийин тапса ээр үчүн табылгыс жердик. Жалал көбүнчө бака теректи пайдаланат. Аны кыйып, суу кезинде төрт-беш ээрдик жыгачты бир учурда сомдоп, казанга үч-үч жарым саат кайнатат да, көлөкөдө кургатат. Ага адегенде байтешенин мизи тиет. Байтешенин «чуңкур теше», «узун теше» («кара теше») ж. б. түрлөрүн пайдаланат. Мисалы, чоң тешенин сабы күрөктүкүндөй узун, өзү чот кетмендей болот да, кудум керкидей көрүнөт. Ээрдин түспөлүн аны менен туруп чабат. Кайноодон чыккан ээрге жарылбасын үчүн солидол сыйпайт. Жыгач солидолду сиңирип, кургаганда суу өтпөйт, капталган теринин ичиндеги жыгач чирибейт. Жалал ээрди туюк чабат. Мында хожент ээринин түспөлүн сактайт. Ээр чоң, карчыттуу жана чаралуу келип, кашы кичине, ачакейи жана моюну букталуу көрүнөт. Ээрдин кашын чыгаруучу «кош кыргы» деген аспабын уста өзү жасаган. Ал иштөөгө оңой, ичинде кыргысы бар. Ээр чабууда Жалал өлчөм бирдигин сактайт. Чүркөнүн узундугу 60 см кыйылса, анын 2 сми чамындыга кетип, 58 см ээрге чакталат. Ээрдин туурасы 40 см, кашы менен алдыңкы актасы 38 смге барабар болот. Мунун кобулу 18 смдей, кобулдун арты 22 смдей келет. Ээрдин чарасы менен тээги (арткы актанын), башы жана чаранын алды бирдей өлчөмдө болот. Ээрдин актасынын (тарагынын) узундугу 42 смди, анын эндүүлүгү 10 смди, ички кобулунун асты 7 смди, аркасы 5 смди түзөт. Ээрчи аттын жонун (кыр жон, кой жон болуп аттардын жондору бири биринен өзгөчөлөнөт) эске алып узанат. Ээр каптоодо да чебердин өзүнө таандык ыкмалары бар. Ал өгүздүн жана топоздун терисин челекке муздак сууга жибитип, жүнүн бычак менен алат. Кайрадан туздап, челекке эки күнчө салып таштаса, тери чыйралат да, калыңдыгын да, сапатын да сактайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0