Рахман сүрөсү
Jump to navigation
Jump to search
РАХМААН сүрөсү, 55-cүрө[оңдоо | булагын оңдоо]
- Мединада түшүрүлгөн. Жетишиш сегиз айаттан турат.
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1.Мээримдүү[1] (Алла)
- 2.Куранды үйрөткөн.
- 3.Инсанды жараткан.
- 4.Ага сүйлөөнү үйрөткөн.
- 5.Күн жана ай эсеп менен (айланат).
- 6.Жылдыз да[2], дарактар да[3] сежде кылышат.
- 7.Асманды көтөрүп[4], таразасын[5] орнотуп койгон,
- 8.Өлчөмдөгү[6] чектен чыкпооңор үчүн.
- 9.Өлчөөнү[7] адилеттүүлүк менен кылгыла жана таразадан кемитпегиле[8]!
- 10. Жерди жандуулар үчүн төшөгөн.
- 11. Анда жемиштер жана бутак-шактуу курмалар (бар).
- 12. (Анда) кабыктуу урук жана жыпар жыттуу[9] өсүмдүктөр (өсөт).
- 13. [10]Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 14. Инсанды чоподой бышырылган кургак ылайдан[11] жаратты.
- 15. Жиндерди түтүнсүз жалындан жаратты.
- 16. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 17. Эки Чыгыш жана эки Батыш Эгеси[12].
- 18. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 19. Эки деңизди кошуп агызды.
- 20. Экөөсүнүн ортосунда тосмо[13] бар. Бири-бирине кошулбайт.
- 21. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 22. Ал экөөсүнөн бермет менен маржан чыгат.
- 23. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 24. Тоолордой болуп деңизде сүзүп жүргөн кемелер да Аныкы[14] (бийлигинде).
- 25. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 26. Анын[15] үстүндөгүнүн баары жок болот.
- 27. Бир гана Берешендиктин жана Улуулуктун Ээси болгон Эгеңдин Өзү гана калат[16].
- 28. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 29. Асмандардагы жана жердегилердин баарысы Андан тилешет. Ал күн сайын иретке келтирүүдө[17].
- 30. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 31. Эй, эки тайпа![18] Биз силерге[19] көңүл бөлөбүз.
- 32. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 33. Эй, жиндердин жана адамдардын тайпалары! Асмандар менен жердин чектеринен чыгууга чамаңар жетсе, чыккыла, бирок Менин кудуретимсиз[20] чыга албайсыңар!
- 34. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 35. Силерге түтүнсүз жалынды жана жалынсыз түтүндү жиберебиз. Силер өзүңөргө-өзүңөр жардам да бере албайсыңар[21].
- 36. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 37. Асман жарылып, түтүн сыяктуу кыпкызыл болгондо,
- 38. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 39. Ал Күнү адамдар жана жиндер өз күнөөлөрү тууралуу суракка алынбайт.
- 40. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 41. Күнөөкөрлөр белгилеринен таанылып, маңдай чачтары жана буттарынан алынат[22].
- 42. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 43. Бул – күнөөкөрлөр жалганга чыгарган Тозок.
- 44. Алар От[23] менен кайнак суунун ортосунда айланып жүрүшөт.
- 45. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 46. Кимде-ким Эгесинин алдында туруудан[24] корксо ага – эки бакча[25].
- 47. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 48. Экөө тең[26] бак-шактуу жемиштүү.
- 49. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 50. Экөөндө экиден аккан булак.
- 51. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 52. Экөөндө ар бир мөмө-жемиштен жуп-жубу менен (болот).
- 53. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 54. Алар ичи жибек жаздыктарда жөлөнгөн абалда (олтурушат). Эки бакчанын тең жемиштери ийилип жакын (жайгашкан).
- 55. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 56. Ал жерде жиндер да, адамдар да мурда тийбеген, көздөрү чоочундарды карабаган[27] кыздар (бар).
- 57. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 58. Алар жакут менен маржан сыяктуу.
- 59. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 60. Жакшылыктын сыйлыгы – жакшылык менен гана (болот[28]!).
- 61. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 62. Ал эки бактан башка дагы эки бак (бар).
- 63. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 64. Экөө тең жап-жашыл!
- 65. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 66. Ал экөөндө тең атырылып чыгып туруучу эки булак (бар).
- 67. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 68. Анда мөмө-жемиштер, курмалар жана анарлар (бар).
- 69. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 70. Экөөндө тең жакшы мүнөздүү, танынакай кыздар[29] (бар).
- 71. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 72. Чатырларда жашырылган[30] кара көз үр кыздар (бар).
- 73. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 74. Аларга[31] жиндер да, адамдар да, мурда тийген эмес[32].
- 75. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 76. Жашыл жаздыктардын жана кооз килемдердин үстүндө жазданып олтурушат.
- 77. Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
- 78. Улуулук жана Берешенди Ээси болгон Эгеңдин ысмы Улуу!».
- [1] Алланын улуу ысым-сыпаттарынын бири
- [2] «жылдыз» маанисин берген араб тилиндеги «нажм» сөзү бир эле учурда «өсүмдүк» деген да маанини туюнтат. Бул жерде ошол эки маани тең дал келет.
- [3] Аллага баш ийет
- [4] Алла Таала
- [5] адилеттүүлүгүн
- [6] Алланын мыйзамындагы (өлчөмүндөгү) чектен
- [7] Бул жерде тараза менен тартуудагы өлчөм тууралуу кеп болууда
- [8] Алдап соода кылбагыла, ар бир нерсени сатканда таразада так тартып саткыла!
- [9] Райхан сыяктуу
- [10] Эй адамдар жана жиндер!
- [11] Топурактын угутунан
- [12] Алла Таала
- [13] Б.а. туздуу жана тузсуз деңизди аралыштырып жибербей турган парда бар. Ал тосмонун кандай турганына Алладан башка эч кимдин акылы жетпейт!
- [14] Алланын
- [15] жердин
- [16] түбөлүк
- [17] алардын тиричилигин, иштерин
- [18] эй, жиндер жана адамдар!
- [19] Силерден эсеп-кысап алуу үчүн
- [20] эч качан
- [21] аргасыздан Махшарга айдалып келинесиңер
- [22] маңдай чач же буттарынан жазалоочу периштелер тарабынан кармалып Тозокко ыргытылат
- [23] Тозок
- [24] Кыямат Күнү болуучу суракта
- [25] эки Бейиш берилет
- [26] Жогоруда аталган эки Бейиш тең
- [27] күйөөсүнө абдан берилген
- [28] Кылган жакшылыгыңар үчүн сөзсүз жакшылык көрөсүңөр. Б.а. аракетиңер эч качан текке кетпейт деген мааниде.
- [29] үр кыздар
- [30] эч кимге көрүнбөгөн
- [31] үр кыздарга
- [32] Б.а. алардын колун мурда эч ким кармаган эмес