Рационализм

Википедия дан

Рационализм (лат. rationalis – акыл-эстүү) – акыл-эсти таанып-билүүнүн жана адамдардын жүрүм-турумунун негизи катары эсептеген философиялык багыт. Рационализм фидеизмге жана иррационализмге, ошондой эле сенсуализмге (эмпиризмге) да каршы турат. «Рационализм» термини философиялык концепцияларды белгилөө жана мүнөздөө үчүн колдонулат. Рационализм гносеологиялык көз караштардын бир бүтүн системасы катары математика менен табият билимдеринин өнүгүшүнүн натыйжасында калыптанган. 17–18-кылымдагы классикалык рационализм (Р. Декарт, Б. Спиноза, Н. Мальбранш, Г. Лейбниц) орто кылымдагы схоластика менен диний догматизмге каршы турган. Р. боюнча билимдин булагы жана анын талашсыз критерийи – бул акыл-эс. Рационализм дин принциптерине материалисттер (Б. Спиноза) да, идеалисттер (Г. Лейбниц) да кошулушкан. Рационализм – агартуу идеологиясынын философиялык булактарынын бири.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]