Мазмунга өтүү

Реактивдүү лампа

Википедия — ачык энциклопедия

Реактивдүү лампа - чыгыш каршылыгы электр тизмегинин схемасына жараша реактивдуу (сыйымдуулуктуу же индукциялуу) мүнөздө болгон электр-вакуумдуу лампа.

Реактивдүү лампа термелгич контурга жарыш туташтырылган башкарылма каршылык катары иштейт. Лампанын реактивдүү мүнөздөгү эквиваленттик каршылыгы аноддук чыңалууну 90°ка буруучу электр тизмеги аркылуу башкарылма торго чыңалууну берүүнүн натыйжасында пайда болот. Бул үчүн анод менен башкарылуучу тордун ортосундагы тизмектин каршылыгы башкаруучу тор менен катоддун ортосундагы каршылыкка Караганда алда канча көп болушу зарыл. Мындай учурда бул эки каршылыктын бирөө активдүү, экинчиси реактивдүү болуш керек.

Реактивдүү лампа аз кубаттуу генераторлордун жыштыгын жөндөөчү түзүлүштөрдө, термелүүнүн жыштык модуляциясын алуу ж. б. үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.