Мазмунга өтүү

Реактивдүү снаряд

Википедия — ачык энциклопедия

Реактивдүү снаряд — реактивдүу кыймылдаткыч менен бутага жеткирүүчү снаряд. Реактивдүү артиллерияда колдонулат.

Арналышына жараша Реактивдүү снаряд чачырама-жарылма, кумулятивдүү, күйгүзмө, түтөтмө ж. б. болуп бөлүнөт. Реактивдүү снаряд да отун катары нитроглицериндүү кара дары пайдаланылат. Кара дары дүрмөтү пиропатрон жана Электр от алдыргыч менен тутандырылат. Снаряддын арт жагындагы канатчалары Реактивдүү снаряддын туруктуу учушун камсыз кылат.

Реактивдүү снаряд траекториясы ак тивдүү (реактивдүү кыймылдаткыч иштейт) жана пассивдүү (снаряд эр- кин учат) бөлүктөрдөн турат. Артиллериялык замбиректен атканда учуу аралыгы 25-100 %ке чейин арта турган активдүү Реактивдүү снаряддар да бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.