Реакциянын ылдамдыгы
Реакциянын ылдамдыгы – химиялык реакциялардын ургаалдуулугун мүнөздөөчү чоңдук. Реакциянын ылдамдыгы убакыт бирдигинде өз ара аракеттенген заттардын концентрациясынын өзгөрүшү менен ченелет. Химиялык реакциялар ар түрдүү ылдамдык менен өтөт. Алардын кээ бири 1 секундага жетпей эле бүтсө, кээ бири минута, саат, суткалап жүрөт. Бир нече жыл жүрүүчү реакциялар да белгилүү. Бир эле реакция бир шартта, мисалы, жогорку температурада тез, ал эми муздатканда жай жүрөт. Химиялык реакциянын ылдамдыгын аныктап билүүнүн илимий жана практикалык мааниси өтө чоң. Себеби химиялык өнөр жайында тигил же бул заттарды өндүрүүдө аппаратуралардын көлөмү жана өндүрүмдүүлүгү реакциянын ылдамдыгына көз каранды болот. Ошондуктан практикада химиялык Реакциянын ылдамдыгын, жүрүү шартын билүү жана ар кандай факторлорду таасир этүү менен аны өзгөртө билүү чоң мааниге ээ. Реакциянын ылдамдыгына таасир этүүчү факторлор – реакцияга кирүүчү заттардын табияты, алардын концентрациясы, температура жана системада катализатордун катышуусу. Реакциянын жүрүү ылдамдыгын, химиялык кинетика изилдейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9