Революциялык ардактуу курал

Википедия дан

Революциялык ардактуу курал – 1919–30-жылдары СССР Куралдуу Күчтөрүндөгү жогорку сыйлык; сабына Кызыл Туу орденинин белгиси түшүрүлгөн алтын жалатылган кылыч (канжар). Декрет жүзүндө 1920-жылы 8-апрелде бекитилип, ВБАК, анын Президиуму жана республикалык революциялык аскер советинин чечими менен өзгөчө көрсөткөн күжүрмөн кызматы үчүн аскер начальниктерине ыйгарылган. Революциялык ардактуу куралга татыктуу болгондор: С. С. Каменев (1919), В. И. Шорин (1919), С. М. Будённый (1919), М. Н. Тухачевский (1919), И. П. Уборевич (1920), М. В. Фрунзе (1920), К. Е. Ворошилов (1920), Ф. К. Миронов (1920), анын ичинде Корк (1920), Н. Д. Каширин (1920), С. К. Тимошенко 1920), В. С. Нестерович (1921), Я. Ф. Балахонов (1921), В. Г. Винников-Бессмертный (1921), анын ичинде Егоров (1921), Е. С. Казанский (1921), Г. И. Котовский (1921), В. Р. Розе (1921), Г. Д. Хаханьян (1921), И. С. Кутяков 1922), С. С. Вострецов (1930). 1924-жылы 12-декабрда СССР БАКтын Президиуму «Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын жана Флоттун жогорку командирлерин Революциялык ардактуу курал менен сыйлоо жөнүндө» жобо кабыл алып, кылыч (канжар) менен бирге туткасында Кызыл Туу орденинин белгиси бар револьвер берүүнү караган. Алгач мындай сыйлыкка 1921-жылы С. С. Каменев жана С. М. Будённый татыктуу болушкан. 1968-жылы СССР Жогорку Советинин Президиуму СССР Куралдуу Күчтөрүнө сиңирген эмгеги үчүн СССР Мамлекеттик гербинин алтын сүрөтү түшүрүлгөн ардактуу курал менен сыйлоону киргизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]