Мазмунга өтүү

Революциянын каармандарына монумент

Википедия — ачык энциклопедия
("Революциянын каармандарына монументи –‎"‎ барагынан багытталды)

Революциянын каармандарына монумент – бул революциянын Кыргызстандагы салтанаттуу жеңиштерин даңазалаган эстелик. 1978-жылдын 2-сентябрында Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына карата ачылган. Ал Совет көчөсү менен Ленин проспектинин кесилишинин түндүк-батыш тарабындагы аянтка орнотулган.

Монументтин авторлору – скульптор Т. Садыков жана архитектор Г. Кутателадзе.

Ал коло жана гранит материалдарынан жасалган. Ансамблди революция жеңиштерин символдогон аял келбети орнотулган 15 метрлик монумент жана “Ойгонуу”, “Революция” деп аталган скульптуралык композициялар түзөт. Анда азаттык үчүн күрөшкөн баатырлар У. Салиева жана К. Жакыпов сыяктуу каармандардын мүнөзү типтештирилген. ЭстеликКыргызстандагы монументалдык искусствонун өнүгүүсүндөгү ири жетишкендиктердин бири болуп эсептелет.

1979-жылы бул эстеликке СССРдин Сүрөтчүлөр Ассоциациясынын алтын медалы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]