Редуценттер

Википедия дан

Өлүү органикалык калдыктарды бузуп жана минерализациялоочу гетеротрофтук организмдер (бактериялар, козу карындар, сөөл жандар, курт-кумурскалар ж.б.)

Редуценттер (латынча reducens, reducentis – кайтарып берүүчү, калыбына келтирүүчү) – органикалык өлүү затты ажыратуучу (тарп, өлүк, таштандыларды) жана аны органикалык эмес заттарга айландыруучу организмдер (сапрофиттер). Ага бактериялар, козу карындар, микроорганизмдер кирет. Ал органикалык эмес заттарды башка организмдер – продуценттер өздөштүрүүгө жөндөмдүү. Редуценттер азыктануу тизмегинде консументтерге кирет. Редуценттердин экологиядагы ролу – алардын минералдуу туздарды топуракка жана сууга кайтарып, биоталык зат алмашууну толуктагандыгында. [[Ка

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
  • EKOLOJİ ÇEV-150. 3. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva