Резерваж
Көрүнүш
Резерваж (французча reservage, латынча reservare – сактоо, коргоо) – 1) металлда оюу ыкмасы менен жасалган тереңдетилген гравюранын техникалык бир түрү. Р. техникасы менен сүрөтчүнүн металлдын үстүнө атайын сыя менен куш калем жебилге аркылуу түшүрүлгөн сүрөтүн кайра тартуу жүргүзүлөт. Сүрөттү кислотага туруктуу кыртыш менен жабышат да, тактаны сууга салышат. Сыя сууда көөп чыгат жана үстүндө жаткан кыртышты көтөрүп салат. Ошондон кийин кыртыш жеңил сыйрылат. Оюу адаттагы ыкма менен жүргүзүлөт. Азыркы учурда р. техникасы аз колдонулат. 2) Р. – керамиканын өзүнүн өңүн пайдалануу менен керамикалык буюмдарды эки түскө боёо ыкмасы (буюмдун боёлбоочу бөлүктөрүнө май сыйпап коюшат жана ал күйгүзгөндө эрип күйүп кетет).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004