Рейкьявик

Отурукташкан жай
Рейкьявик
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Исландия
Координаттар 64°09′ с. ш. 21°53′ з. д.HGЯO
Башчысы Дагур Эгертссон
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 274,5 км²
Климатынын түрү субарктикалык кургак
Убакыт аралыгы UTC0
Калкы
Калкы 118 814 адам (2012)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +354
Почта индекстери 101—155
Расмий сайты http://www.reykjavik.is/
 (исланд.)  (пол.)  (англ.)
Reykjavík séð úr Hallgrímskirkju

Рейкьявик (исл. Reykjavík) – Исландия Республикасынын борбору (дүйнөдөгү эң түндүктөгү шаар) жана башкы порту. Исландия аралынын түштүк-батыш жээгинде, Атлантика океанынын Фахсафлоуи булуңунун четинде, деңиз деңгээлинен 150 м бийиктикте жайгашкан. Климаты (аракеттеги жанар тоолордун, ысык булактардын негизинде) жумшак. Январдын орточо температурасы 0–4°С, жайы салкын, июлдуку 12°С. Жылдык жаан-чачыны 800 мм. Калкы 119 миң (2010; Исландиянын калкынын 40%и; шаар айланасы менен 210 миң). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экономикалык жана маданий ири борбору. Рейкьявикте жана анын айланасында өлкөнүн өнөр жайынын 2/3си жайгашкан. Шаардын экономикалык негизин транспортту, байланышты тейлөө жана маалыматтык технология, фармацевтика, микробиология өнөр жай түзөт. Балык кармалып, беленделет. Кеме куруу, тамак-аш, жеңил ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Геотермикалык суулары турак жайды жылытууда колдонулат. Университет, метеорология, жанар тоо институттары, улуттук музей, мамлекеттик сүрөт галереясы бар. 874-жылы алгачкы норвег келгиндеринин конушу катары негизделген. 1786-жылдан шаар. 1944-жылдан Исландиянын борбору. Собор (18-кылымдын аягы) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]