Биогенетикалык мыйзам

Википедия дан
Рекапитуляция‎»‎ барагынан багытталды)

Биогенетикалык мыйзам — организмдин филогенези менен онтогенезинин ортосундагы байланыштарды жалпылоочу эмпирикалык корутунду; организмдин жеке өөрчүү (онтогенез) процессинде бул түрдүн эволюциясынын (филогенез) кыска жана ылдам кайталанышы. Филогенездин негизги этаптары онтогенезде кайталанат. Мисалы, адамдын эмбриондук өнүгүшү эволюциянын бардык баскычтарын басып өтөт. Аны 1866-ж. Э. Геккель ачкан. Бирок, филогенез менен онтогенездин өз ара байланышы жөнүндөгү көйгөй Ч. Дарвиндин эволюция илиминде кеңири изилденген. Бул мыйзамга каршы чыккандар аны механизм, витализм көз карашында түшүндүрүп, биротоло танууга чейин барышкан. Ал эми дарвинчилер анын мазмунун тереңдетип, кээ бир өксүк жактарын түзөтүүгө аракет кылышкан. А. Н. Северцовдун филэмбриогенез теориясында гана чыныгы илимий түшүнүк берилген. Советтик илимпоз И.И. Шмальгаузендин концепциясы организмдин өнүгүү тарыхын анын жекече өнүгүшү менен кошо карайт. Бул болсо биогенездик мыйзамды тереңирээк билүүгө түрткү берген. Эмбриологияда, салыштырмалуу анатомияда жана палеонтологияда эволюциялык изилдөөлөр үчүн бул мыйзамдын мааниси чоң. Биогенездик мыйзам жөнөкөйдөн татаалга карай сапаттуу өнүгүү мыйзамдарынын жана эволюция теориянын табигый-илимий негизи бар экенин ырастады.

Жөнөкөй түзүлүштүү топтордун жетилген өкүлдөрүнүн түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен татаал түзүлүштүү организмдердин түйүлдүгүнүн белгилеринин окшоштугун биринчи жолу немец биологу И. Мекель (1811) белгилеген. Мисалы, татаал түзүлүштүү омурткалуулардын онтогенезинде (жеке өөрчүшүндө) башкы (пронефрос), тулку бой (мезонефрос) жана жамбаш (метанефрос) бөйрөктөрдүн алмашышы алардын түпкү тегинин филогенезинде (тарыхый өөрчүшүндө) бөлүп чыгаруу органдарынын өөрчүшүнүн ырааттуулугун кайталайт. Рекапитуляциянын онто жана филогенездин белгилүү байланышы катары түшүнүү Ч. Дарвиндин эволюциялык окуусунун негизинде гана мүмкүн болду.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]