Рекристаллдаштыруу
Рекристаллдаштыруу – поликристаллдын структуралык өтө жетилген кристалл бүртүкчөлөрүнүн пайда болуу жана өсүү процесси.
Бул анча жетилбеген мурунку фазалардагы бүртүк-чөлөрдүн эсебинен болот. Р-нун ылдамдыгы температура жогорулаган сайын көрүнөөрлүк өсөт жана материалдын химиялык жана фазалык курамына көбүрөөк көзкаранды болот. Рекристаллдаштыруу пластикалуу деформацияланган (1–10%) материалдарда жакшы өтөт. Рекристаллдаштыруу 3 стадияга айырмаланат. Биринчисинде деформацияланган материалдарда жаңы бузулбаган бүртүкчөлөр жаралат, алар өсөт, бүртүкчөлөрдү сиңирет, туура эмес деформацияланат; жыйналма Рекристаллдаштыруу – бузулбаган бүртүкчөлөр бири биринин эсебинен өсөт. Натыйжада бүртүкчө-лөрдүн орточо чоңдугу чоңоёт жана экинчи Рекристаллдаштыруу жыйналма Рекристаллдаштыруудан айырмаланат. Экинчи Рекристаллдаштырууда кристаллдын структуралары бүртүкчөлөрдүн түрдүү өлчөмдөрү менен мүнөздөлөт. Рекристаллдаштыруу структуралык деффектисин болтурбайт, бүртүкчөлөрдүн өлчөмүн жана багытын, кээде кристаллографиялык багытын (текстурасын) өзгөртөт. Рекристаллдаштыруудан кийин структурасы менен текстурасы мурункуларынан касиети боюнча айырмаланат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0