Реле элементи

Википедия дан

Реле элементи - реле мүнөздөмөлүү, б. а. киршпке белгиленген таасир берилгенде чыгыш чоңдугу кескин өзгөргөн түзүлуш.

Реле элементи иштөө аракети боюнча жылуулук, электрдик, пневматикалык, механикалык, оптикалык, хим. ж. б., аткаргыч элемента боюнча контакттуу жана контактсыз болуп бөлүнөт.

Реле элементи автоматтык башкаруу жана байланыш техникасында кеңири колдонулат;
а) киришпке берилген ичине таасир менен чыгышта чоң кубаттуулукту (~10*-103 в чыцалуулуу тизмекте 10-102 а токту бириктирүүгө же ажыратууга) башкарууга болот;
б) логика операцияларын аткарат;
в) бир түрдүү Реле элементитерин айкалыштырып, татаал көп функциялуу реле түзүлүштөрүн (эсептөөчү жана башкаруучу дискреттүү машиналар, телемех. түзүлүштөр, автоматтык телефондук башкаруу системасы, дискреттүү информация берүүчү система ж. б.) түзүүгө болот.

Ондогон жана миңдеген Реле элементинен турган ЭЭМдин, башкаруучу машиналардын, автоматтык текшерүүчү жана башкаруучу татаал системалардын өсүшү Реле элементинин мүнөздөмөлөрүнүн - керектелүүчү энергиянын, массасынын, көлөмүнүн азайышын талап кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.