Мазмунга өтүү

Реликт нурлануусу

Википедия — ачык энциклопедия

Реликт нурлануусу – космостук электр-магниттик нурлануунун жалпы фонунун бир түзүүчүсү.

Реликт нурлануусу асман сферасында бирдей бөлүштүрүлгөн жана күчү 3 К температурадагы абсолюттук кара нерсенин жылуулук нурлануусуна туура келет. Аны (1965-ж.) А.Пензиас менен Р.Уильсон ачкан жана 1978-ж. Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Реликт нурлануусу дециметрден субмиллиметрге чейинки радиотолкундардын диапазонунда асман жаркырактыгынын негизин түзөт.

Ал Ааламдагы электр-магниттик нурлануунун энергиясынын тыгыздыгын аныктайт жана фотондордун санынын тыгыздыгын (1 см3да 400 фотон, ал 0,25 эВ/см3) көрсөтөт. Ааламда бир атомго Реликт нурлануусунун 100 млн фотону туура келет. Реликт нурлануусунун касиеттерин 1946-ж. Г.А.Гамов сунуш кылган Ааламдын ысык моделине туура келет. Анын оюнча Ааламдын алгачкы кеңейишинде плазма жана электр-магнит нурлануу өтө жогорку тыгыздыкта жана температурада (>109К) болгон. Космологиялык кеңейүү учурунда плазманын температурасы төмөндөгөн. ~4000 К учурунда протон менен электрондордун рекомбинациясы жүрүп, H жана He атомдору пайда болгон. Андан кийинки кванттардын энергиясы иондоо даражасына жетпей чөйрөдө таралып кете берген. Бул нурлануунун температурасы улам төмөндөп, биздин заманда 3 К ге барабар болуп калган. Ошентип Реликт нурлануусу H жана He атомдору пайда болгон байыркы убактан бери бар.

Реликт нурлануусу Ааламда чоң масштабдуу процесстерде зор роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]