Рельефтин жалпы мүнөздөрү

Википедия дан

Рельефтин жалпы мүнөздөрүКыргызстандын аймагы негизинен бийик тоолор менен тоо арасындагы өрөөндөрдүн татаал жайгашкан катарларынан турат. Жалпысынан, азыркы түзүлгөн рельеф байыркы эпигерциндик структуралардын олигоцен-миоценден баштап, плейстоцендин аягына чейин карама-каршы багыттагы интенсивдүү тектоникалык кыймылга дуушар болушунан калыптанган. Бир жагынан тектоникалык көтөрүлүү басымдуулук кылып, денудация жана эрозиялык тилмеленүү күчөп турса, экинчи жагынан тоо арасындагы тектоникалык ийилген ойдуңдар чөкмөлөргө толуп турган шартка азыркы рельефтин келбети түзүлгөн.

Эң бийик көтөрүлүүлөр чыгыш жакта, Кан-Теңир тоо томунун аймагында жүргөн. Чет жакалардагы Чүй, Фергана өрөөндөрү төмөн ийилген ойдуңдар болгон, алар тоодон келген шиленди кум-шагылга толгон. Бийиктиктин ылдыйлай башташы чыгыштан батышты карай кетет. Чыгыштагы Жеңиш чокусунун бийиктиги 7439 м, ал эми Лейлек районунун аймагындагы түздүктүн бийиктиги 401 м. Демек, Кыргызстандын аймагынын бийиктик амплитудасы — 7038 м. Тянь-Шань тоолору батышты карай жайылып, өрөөндөр кеңейип, кырка тоолордун, тоо арасындагы өрөөндөрдүн жалпы багыты кеңдик боюнча таралып кетет. Меридиан кырка тоосу менен Фергана тоо системасы ал багытты албайт. Кырка тоолордун тутумдашкан жерлеринде тоо түйүндөрү, татаал массивдер жайгашкан. Алар Кан-Теңир тоо тоому, Ак-Шыйрак, Талгар, Талас-Чаткал, Матча тоо түйүндөрү.

Негизги рельеф түзүүчү факторлорго эндогендик жана экзогендик факторлор кирет. Эндогендик факторлор рельефтин ири формаларын түзөт. Экзогендик факторлор болсо ар кандай тышкы күчтөрдүн аракети менен домпок жерлерди талкалап, тилмелеп түзөтүү, ал эми ийилген ойдуңдарды шиленди, талкалануунун продукциясы менен толтуруп, тегиздөө багытында иш жүргүзөт. Натыйжада тектоникалык кыймылдан пайда болгон жер бетиндеги ар кандай рельефтин формалары тынымсыз өзгөрүүгө дуушар болуп турат.

Жер бетинде пайда болгон рельефтин домпок формаларынын талкалануусу, тоо тектеринин үбөлөнүүсү климаттын ар түрлүү элементтеринин убакыт боюнча өзгөрүүлөрүнө жараша болот. Температуранын суткалык, сезондук өзгөрүүлөрү, жаан-чачын суусунун агымды пайда кылышы, тоңуп, кайра суюктукка айлануу процесси, аяздык жана механикалык талкалануу ж.б. процесстер тоо тектерин үзгүлтүксүз талкаланууга дуушар кылып, капталдык тилмеленишке, рельефтин ар кандай формаларынын түзүлүшүнө алып келет.

Атмосфералык жаан-чачындан, кар менен муздун эришинен пайда болгон суу агымы эң күчтүү экзогендик күчтөрдүн бири. Агымдын, ириде жер бети, өзгөчө эңкейиш капталдар боюнча беттик агымы бийик жерлерден минералдык бөлүкчөлөрдү үзгүлтүксүз төмөн айдап, дөбөлөрдү жылмалоого аракет кылса, кийин нукка чогулган суу анын тереңдешине, улам кеңейишине түрткү болуп, акыры өрөөндөрдү, терең капчыгайларды пайда кылат.

Тянь-Шандын бийик тоолорундагы рельефтин ар түрдүү формаларынын түзүлүшүнө байыркы жана азыркы мөңгүлөрдүн ролу эң зор. Көпчүлүк аймактарда тепши сымал өрөөндөр, жылмаланган аскалар, кой маңдайлар, тармалдашкан аскалар, кресло сымал кар, цирк формасындагы түзүлүштөр кеңири таралган. Мөңгүлөрдүн аракети менен тоо тектеринин талкаланып, төмөн карай сүрүлүп келип чогулган борпоң тектери — мореналар көп өрөөндөргө мүнөздүү.

Бардык эле бийик тоолорго мүнөздүү болгон гравитациялык процесстердин интенсивдүү жүрүшү Тянь-Шань тоолоруна да тийиштүү. Капчыгайлардын капталдарын ээлеген куюлма шагылдар, жер көчкүлөр, аскалардын урап, бөгөттөрдү пайда кылуулары сыяктуу рельефтин формалары Кыргызстанда кеңири тараган түзүлүштөр.

Тоо капталдарында, этектеринде жана эңкейиш түздүктөрдө жер алдындагы суулардын аракетинен түзүлөн рельефтин формалары да кездешет. Аларга ар кандай жер көчкүлөр, суффозия жана карст формалары кирет.

Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системаларында эң зор рельеф түзүүчү факторлорго агын суулар менең дарыялар кирет. Агын суулар бийикте катуу тоо тектерин тилмелеп өзүнө нук түзөт, тоо капталдарынан жана өрөөндөрдүн таманынан эбегейсиз зор көлөмдөгү талкалануунун продукциясын агызып келип, тоо этектерин шилендилерге болөйт, ойдуңдарды борпоң тектер менен толтурат. Кээ бир дарыялар кырка тоолорду кесип, антецеденттик капчыгайларды пайда кылышат. Мисалы Сары-Жаз суусу Эңгилчек-Тоо, Какшаал-Тоону кесип, терең капчыгайларды түзөт. Чүй суусу Боом капчыгайы боюнча Күңгөй Ала-Тоону кесип өтөт.

Рельеф түзүүчү факторлорго кар көчкүлөр, селдер да кирет. Кээде бир гана жолу жүргөн сел, ошол өрөөндөгү агын суулардын миңдеген жылкы аракетине тете шиленди, агындыларды алып чыгышы мүмкүн.

Кыргызстандын аймагындагы азыркы рельефтин келбети неоген төртүнчүлүк мезгилинде байыркы эпигерциндик платформанын негизинде түзүлүп, кийинки көтөрүлүүлөр менен кошо улам күчөп жүргөн эрозия денудациялык процесстердин натыйжасында калыптанган.

Рельефтин ар түрдүү формалары жана типтери жалпысынан: тектоника-денудациялык, тектоника-денудация-аккумулятивдик жана тектоника-аккумулятивдик деген үч генетикалык топторго бөлүнөт. Бул топтордун негизинде Кыргызстандын аймагында рельефтин 12 тиби бөлүнгөн (Кыргызстандын Атласы).

Тектоника-денудациялык топко кирген рельефтин типтери бийик жана орто бийиктиктеги тоолорго мүнөздүү. Тектоникалык көтөрүлүү бул жерде денудациялык талкалануу менен кошо жүргөн. Эрозиялык тилмеленүү талкалануунун материалын алып чыгып кетип турган. Тереңге кеткен тилмеленүүнүн өлчөмү 1000—2000 м ден ашкан. Бул жердин рельефи негизинен палеозой жана ага чейинки тектерден түзүлгөн. Рельефтин типтери тоо тектеринин пайда болгон заманына жана бийиктигине жараша бөлүнөт. Рельефтин негизги формалары — аска-зоолор. Фергана тоо кыркасынын түштүк-чыгыш жагында жана Чоң-Алай тоолорунда тектоника-денудациялык рельеф мезозой жана палеоген чөкмөлөрүнөн турат.

Тектоника-денудация-аккумулятивдик топко кирген рельефтин типтери мезозой жана палеоген-неоген мезгилине туура келген, негизинен моласс түзүлүштөгү чөкмөлөрдөн иштелип чыккан. Бул топко караштуу рельефтин формалары Фергана өрөөнүнүн тоо этектеринде, Кыргыз Ала-Тоосунун, Тескей Ала-Тоосунун этектеринде, Суусамыр Кочкор, Орто Нарын өрөөндөрүндө тараган. Мындай типтердеги рельефтин формалары кырка тоолорду бойлогон дөңсөөлөрдү, адырларды жана ошол формадагы ички өрөөндөрдүн чет жакаларын ээлейт. Рельефи жалпак жондордон кескин тилмеленген адырларга чейин ар түрдүү. Тилмеленүүнүн терендиги 100—250 м, кээ биручурда 350—450 м чейин жеткен. Суу өрөөндөрүндө түпкү тектердин кашаттары байкалат.
Тектоника-аккумулятивдик топко кирген рельефтин типтери негизинен түздүктөр. Неотектоникалык ийилүүгө учураган ойдундар бийик тоолордон эрозиялык процесстер менен алынып келинген борпоң шилендилерге толтурулуп, түздүктөргө айланган. Мындай жол менен пайда болгон жантайыңкы түздүктөр Чүй, Талас өрөөндөрүнүн таманы, Ысык-Көлдүн жээктери жана башка жерлерде таралган.

Геологиялык түзүлүшү жана рельефинин калыптануу мезгилине жараша рельефтин типтерин геоморфологиялык комплекстерге бириктирүүгө болот. Геоморфологдордун көз караштары боюнча Кыргызстандын аймагы тоо этегин бойлогон түздүктөр, жапыз тоолор жана адырлар, бийик жана бөксө тоолордун комплекстери болуп бөлүнөт.