Релятивдик кванттык механика
Көрүнүш
Релятивдик кванттык механика – теориялык физиканын микробөлүкчөлөрдүн кыймылынын квант закондорун окутуучу бөлүмү. Бөлүкчөлөрдүн энергиялары алардын тынч абалдагы энергияларынан чоң болгондо релятивдүү эффекттер пайда болот. Релятивдүү квант бөлүкчөлөрүнүн касиеттери талаанын кванттык теориясынын чегинде гана сүрөттөлөт. Бирок кээ бир маселелерде бөлүкчөлөрдүн пайда болушун эске албай бир бөлүкчөнүн кыймылын сүрөттөөчү толкундук теңдемелерди пайдаланууга болот. Релятивдик кванттык механиканын негизин Шрёдингер теңдемеси, Дирак теңдемеси (h/2 спиндүү бөлүкчө үчүн), Клейн-Гордон теңдемеси (0 спиндүү бөлүкчө үчүн) түзөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9