Релятивдик механика
Көрүнүш
Релятивдик механика – теориялык физиканын жарык ылдамдыгына салыштырмалуу v ылдамдык менен кыймылдаган нерсенин (бөлүкчөнүн) кыймылынын классикалык закондорун үйрөтүүчү бөлүмү. Салыштырмалуулук теориясына негизделген. Ньютондун 2-законунун релятивдүү жалпыланышы жана энергия-импульстун сакталуу закону релятивдик механиканын негизги теңдемелерин түзөт. Булар Эйнштейндин салыштырмалуулук принцибинин талаптарын канааттандырат, алардан материалдык объектинин ылдамдыгы жарык ылдамдыгынан ашпайт деген тыянак чыгат. Эгерде материалдык объектинин ылдамдыгы жарык ылдамдыгынан өтө кичине (v«c) болсо, релятивдик механика Ньютондун классикалык механикасына өтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9