Мазмунга өтүү

Ремаркалар

Википедия — ачык энциклопедия

Ремаркалар (французча  remarque – эскерме) – металлдагы чекмеде – «кол коюлганга» чейинки басылманын (отпечатоктун) четиндеги тиешеси жок, кокусунан тартылып калган сүрөттөр (к. Отпечаток, абал макаласын). Бул сүрөттөр көп учурда гравюранын сюжети менен байланышы жок болот жана гравюра тактасында иштеп жатып, аспаптарды текшерген же сынаган кезде пайда болгон Р. кээде өз алдынча көркөм мааниге ээ болуп калган кездери да аз эмес. Азыркы мезгилде Р. дээрлик кездешпейт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]