Мазмунга өтүү

Рентген спектр анализи

Википедия — ачык энциклопедия

Рентген спектр анализи – рентген спектри боюнча заттын элементтик түзүлүшүнүн анализи.

Сапаттык Рентген спектр анализи изилденүүчү үлгүдөн чыккан спектрди мүнөздөөчү сызыктын абалы боюнча жүргүзүлөт, анын негизи – Мозли закону. Сандык Рентген спектр анализи ошол сызыктардын жыштыгы менен ишке ашырылат. Рентген спектр анализинин ыкмасы менен атомдук номурлары z ≥ 11 болгон бардык элементтер аныкталат. Рентген спектр анализи үлгүнү бузбайт.

Рентген флуоресценциялуу нурлануу сызыктарынын салыштырма жыштыгы менен материалдардын жалпы курамына анализ жүргүзүлөт. Мындай анализдерге так өлчөй турган рентген спектрдик аппараттар колдонулат. Үлгүнүн курамына жараша сандык рент-ген спектр анализинин салыштырма тактыгы 0,3–10%. Анализдин жалпы теориясынын негизинде бир нече айрым ыкмалар иштелип чыккан. Үлгүдө тоскоолдук болуучу элементтер жок болгон учурда тышкы стандарттык ыкманы колдонуунун негизинде анализдик сызыктын жыштыгын өлчөө менен белгилүү курамдагы үлгүнүн анализдик графиги аркылуу аныкталып жаткан элементтин концентрациясы табылат. Бул учурда анализдик графиктин ординатасына аныктала турган элемент менен ички стандарт жыштыгынын катышы коюлат. Мындан башка дагы фонду стандарт катары колдонуу ыкмасы бар. Көп компоненттүү татаал үлгүлөр ЭЭМдин иреттүү жакындатылган ыкмасы менен чечмеленет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]