Мазмунга өтүү

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы

Википедия долбоорунан

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы (РЖОКО) – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу 400 орундуу оорукана. 1946-жылы шаардык ооруканадан бөлүнүп, өз алдынча Фрунзе шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы болуп уюшулган. 1991-жылдан РЖОКО деген статус берилген. Оорукана жугуштуу оору менен ооругандарга диагноз коюу жана дарылоо иштерин жүргүзүп, республика боюнча оор абалдагы (диагнозу белгисиз) оорулууларга консультация берет. Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборлордогу жугуштуу оорулар кабинеттерин көзөмөлдөйт. Ошондой эле Бишкек медициналык окуу жайынын студенттери практика өтүүчү база болуп саналат. Жыл сайын жугуштуу оорулар боюнча семинар, лекциялар окулуп, жугуштуу оорудан майып болгондордун баяны жазылган баракчалар даярдалат. Оорукана 10 бөлүмдөн турат, ошондой эле кабыл алуу жана реанимация, сырттан дарылоо бөлүмдөрү иштейт. Жугуштуу оорулардын диагнозун так аныктай турган бактериологиялык жана клиника-биохимиялык лабораториялар бар. Оорукана жугуштуу оорулардын санын азайтуу, алдын алуу иштерин массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жеткирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]